Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы Кыргыз жараны камакка алынды




Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, такси айдаган 22 жаштагы Кыргыз жараны камакка алынды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 8-июлга караган түнү Москвада орун алган. Анда такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кийин ал колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган.
"Учурда такси айдаган 22 жаштагы А.И. аттуу Кыргыз жаранына кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. 9-июлда соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Эгер анын күнөөсү далилденсе, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кыргыз жаранынын жактоочусу орусиялык маалымат каражаттарынын бирине бул жол кырсыгы түшүп калган видеодо түшүнүксүз жагдайлар көп экенин айтып, арыз менен сотко кайрыла турганын билдирген", - деп айтылат маалыматта.
Каза болгон Александр Маругов 2018-жылы орусиялык каналдардын бириндеги ток-шоуго катышып, ата-энесинин мамилеси начар экенин айтып, өз жашоосу үчүн "күйүп" кетүүдөн корко турганын айтканы маалым.
Орусиядагы кырсыкка Кыргыз жараны айыпталууда
Москвада жол кырсыгында миллионердин баласы каза болуп, кыргыз жараны камакка алынды

1. Мотоцикл ПДД РФнын 10.1, 10.2, 11.1 пункттарын бузган.
ПДД РФ 11.1 запрещается обгон если впереди опасность есть деген жери бар.
2. Таксист встречканы карап чыккан. Бирок мотоцикл 10.2 пунктту бузгандыгы үчүн машинеге сүзүлгөн.
3. Мотоцикл 10.1(после абзаца) пунктка баш ийбей, опасность болгон убакта да ылдамдыкты азайткан эмес.
4.
Диванный эксперттер, пдд рф дегенди бир окуп чыксаңар аша-машьа дегенден мурда.
Кандай болгон учурда дагы такси күнөөлү, андай жолдо катуу ылдамдыкта жүрүшөт да,көзү жетпейби красный чыракты күтүш керек эле.
Не жанылыктар бар экен деп карасам бут начар кабарлар го