Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштар арасында Азия чемпиону болду

Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова Таиландда өтүп жаткан жаштар арасында Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды. Ал бүгүн, 11-июлда өткөн мелдештерде 68 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашкан.
Финалга чейин Кыргыз балбаны таиланддык жана кытай балбандарын жеңген. Алтын медаль үчүн күрөштө япондук спортчу Рин Мияджини 8:6 эсебинде утуп, Азиянын чемпиону аталды.
Мээрим Жуманазарова үчүнчү жыл катары менен жаштар арасында Азиянын чемпиону болду.
Кыргыз балбаны Мээрим Жуманазарова жаштар арасында Азиянын чемпиону аталды
Автор: Адилет Керимбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:37
2025-10-09
16:22
2025-10-09
0:21
2025-10-09

21:58
2025-10-06
Рейтинг:
2

Балбан карындашыбызга бийиктиктерди багынта берүүсүнө тилектешмин!!!