super.kg logo

Ырчы Минюра Рахимжанованын бир тууган агасы иш учурунда токко урунуп, ооруканада жатат. Башкы инженер күнөөлүү делинген окуянын чоо-жайы

 

Талас облусунун Манас районундагы Покровка айылында электрик иш учурунда токко урунду. Ал алган жаракатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жабырлануучу ырчы Минюра Рахимжанованын бир тууган агасы болот. Ырчы окуя тууралуу SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Окуя 1-август күнү болгон. Агам Кайрат Салимбаев Манас райондук электр тармактар ишканасында 6 жылдан бери иштейт. Кырсык болгон күнү агам адаттагыдай эле ишке таңкы саат 7:30да чыгып кеткен. Арадан 1 жарым саат өткөндөн кийин жеңеме агамдын кесиптештери телефон чалып, агамдын токко урунганын, ал ооруканада экенин айтыптыр. Ооруканага барганыбызда жандандыруу бөлүмүндө жатыптыр. Абалы оор экен, колдору ошондо деле силкинип, дарыгерлер токту токтото албай жатышыптыр.

Ошол күнү райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери "электр мамысында ток жок, мамыга чыккыла" дептир. Агам мамыга чыкканда ток уруп кеткен. Аны 300 метр ары жакта иштеп жаткан кесиптештери көрүп, мамыдан түшүрүшүптүр. Кырсык орун алгандан кийин башкы инженер жанына да барбаптыр. Агамды ооруканага ошол жакта жашаган киши жеткириптир.

Агам менен башкы инженердин ортосунда 1 жылдан бери пикир келишпестик болуп келе жатыптыр. Бир жыл мурда диспетчердик бөлүмдө азыркы инженер отурган. Агам тийиштүү кагазга кол койдурганы кирсе, "барчы, эй, ала чапан" деп мазактаган сөздөрдү айтыптыр. Агам "байкап сүйлөңүз" деп, көтөрүп жерге чапкан экен. Ошондо ата-энем "уулубуз тынч иштесин" деп агама айтпай тиги кишинин үйүнө кечирим сураганы барышыптыр. Бирок ал "уулуңдун түбүнө жетем" деп ата-энеме кыйкырып, кууптур. Экөөнүн ортосунда талаш-тартыш 1 жылдан бери болуп келе жаткан. Башкы инженер бир гана агамды эмес, башка жумушчуларды басынтып, аларга өзүнүн жумуштарын жасатып жүрүптүр. Анан дагы ар улуттун өкүлү жашагандыктан ар кимди бөлүп-жарып сүйлөчү. Агам учурда жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Бирок башкы инженер бир дагы жолу басып келген жок", - дейт ал. Ырчынын айтымында, укук коргоо органдары тийиштүү ишти карабай жатканын кошумчалады.

Кайрат Салимбаевдин токко урунганын көрүп, мамыдан алып түшкөн кесиптеши ошол күнкү окуянын чоо-жайын айтып берди.

"Ошол күнү башкы инженер Кемелбек Зайытканов тарабынан ар бир бригадага тапшырма берилген. Кесиптешим Кайрат дагы жумушчулар башкы инженер менен кеткен. Биз алардан 300 метр алысыраак жакка барганбыз. Биз ишти баштайын деп жатканда мурдагы башкы инженер, учурда электрик болуп иштеп жүргөн кесиптешим мамыда ток бар экенин айтып, бизди токтотуп калды. Биз дароо эле жакын иштеп жаткан бригадага кабар берели деп телефон чалсак албай коюшту. Алар жакка чуркап баргыча Кайрат Салимбаев мамыга чыгып, токко урунуп калды. Жанымдагы кесиптешим экөөбүз Кайратты шаты менен алып түшүп, ошол жердеги тургундун унаасы менен ооруканага жеткирдик. Башкы инженер окуя болгондо "эмне болду?" деп басып келген жок. Андан кийин деле ооруканага барып, Кайраттын абалын сурай элек. Кайрат Салимбаев менен башкы инженердин ортосунда пикир келишпестиктер болуп жүрүптүр", - дейт Радил Шаршенов.

Ал эми Манас райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери Кемелбек Зайыткановго байланышканыбызда телефонду жубайы алып, жолдошу ооруканада экенин билдирди.

"Окуя болгондон кийин электриктин туугандары "сен күнөөлүүсүң" деп жолдошумду сабап кетишти. Учурда жолдошум ооруканада дарыланып жатат. Электриктин туугандары жалган-жалаа жабышууда", - деди ал.

Учурда аталган айылдын тургундары башкы инженерге нааразычылыктарын билдирип, митингге чыгышты.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин кенен чагылдырууга даяр.






Манас районунда электр тармактар ишканасынын башкы инженерине каршы өткөн митинг

Таласта электрик токко урунуп, оор абалда ооруканага түштү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(12)
05.08.2019. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-29
Минюра Рахимжанова, ушундайда ырчы барбы? Бүт эле өзүнүн агасын периште кылып, аркы тарапты шайтандай күнөөкөр кылып салыптырго!!!
05.08.2019. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
JENTLEMAN,ой эми окуп койо бергиле да.откондо деле Дайыр отурган самелот деп чыкпады беле.
05.08.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
JENTLEMAN,сенин жакндарын кырсыка кабылса ошондо коросун табалаган кандай болоорун
06.08.2019. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
JENTLEMAN, сен не деген адамсын? Туулуп калганына да наарызы болсон керек! Атынды озгортчу сага жарашбайт ал ат
05.08.2019. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Агасы жаман бы жакшыбы билбейм. Бирок инженер кунолуу бул жерде. Ток жок экенин накта аныктап анан чыгарыш керек. Техника безопасности деген бар ондурушто. Менин айтканымды энергетика тармакта иштегкндер жакшы тушунушот.
05.08.2019. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Наряд менен иштешет электриктер. Наряд боюнча иштеген де биринчи эле пункт "отключить напряжение "деп жазылат. Эгер башкы инженер аны билбесе айдаш керек жумуштан аны
05.08.2019. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
katerina.li,айдап тим болбостон камаш керек,ошол киши берди да приказ
05.08.2019. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да ырчы барбы?Жакшы болуп кетсин сагачы.
05.08.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ээй азыр биринен отуп бири арызданмай, кимиси куноолу бир кудай билет.
05.08.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
bond02,эмне агасы өзү барып урунуптурбу инженерин күнөөлү кылайын деп.ачык айкын эле болуп турбайбы тиги нацисте экенин.
06.08.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мага пох
06.08.2019. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кудай сактаптыр,жакшы бп кетсин,инженердин аялы да кызык адамгоо жалган жалаа жаап дейдгоо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: