super.kg logo

Таласта токко урунган электриктин окуясы. Башкы инженерге карата коркутуулар болуп жатканы айтылды

 

Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылында 34 жаштагы электрик иш учурунда токко урунган. Анын кырсыкка кабылышына жакындары райондук электр тармактар ишканасынын башкы инженери Кемелбек Зайыткановду күнөөлөшкөн. Учурда инженерге карата коркутуулар болуп жатканын анын жубайы Миргүл Субанбекова SUPER.KG порталына билдирди.

"Кечээ, 5-августта токко урунган электрик Кайрат Салимбаевдин абалын сурайлы деп ооруканага кайненем, жолдошум болуп барсак, дарыгерлер бейтапты чыгарып кеткенин айтышты. Андан кийин үйүнө барсак туугандары чогулуп отурушуптур. Алар бизди беттен алып, урушуп кирди. "Токтун бар экенин билип туруп атайын мамыга чыгаргансың, өлтүрөйүн дегенсиң" деп жолдошумду күнөөлөп жатышат. Эгер жолдошумдун берген тапшырмасын так аткарса кырсык болмок эмес.

Электриктин туугандары кайненеме "балаңды 2 күндүн ичинде алып чыгып кет, антпесе өлтүрүп коёбуз, кийин биз жооп бербейбиз" дешти. Кайненем окуя тууралуу уккандан кийин атайын Бакай-Ата айылынан келген болчу. Негизи биз Бакай-Ата айылынан болобуз. Жолдошумдун жумушуна байланыштуу Покровкага көчүп келгенбиз. Келгенибизге 10 жылдын жүзү болду.

Жолдошум менен электриктин ортосундагы пикир келишпестик техникалык себептерди так аткарбагандан улам болгон экен", - деди ал.

Буга чейин электриктин туугандары башкы инженерди сабап, ал ооруканада экени айтылган. Учурда ал дагы деле дарыланып жатканын жубайы кошумчалады.

Окуя 1-август күнү болгон. Анда электрик иш учурунда мамыга чыгып токко урунган. Ал алган жаракатынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, кийинчерээк палатага которулган. Жабырлануучу ырчы Минюра Рахимжанованын бир тууган агасы болот. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Ал эми башкы инженер тергөө аягына чыкканга чейин кызматынан убактылуу четтетилген.






Таласта токко урунган электриктин окуясына байланыштуу тургундар митингге чыгышты

Таласта электрик токко урунуп, оор абалда ооруканага түштү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: