super.kg logo
  Саясат  

Курсан Асанов "милициянын кызыкчылыгын сатты" деген жүйөө менен кызматтан бошотулду

 

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ээлеген кызматынан өкмөт башчынын буйругу менен бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктардын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн ээлеген кызматынан Курсан Асановду бошотуу тууралуу сунуш берилген. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилди”, - деп айтылат маалыматта.

Курсан Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келген.

Ал 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясында аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу.






ИИМ Курсан Асановду “милицияны сатты, пиар менен алектенди” деп айыптоодо

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: