super.kg logo

Жалал-Абадда түнкү клубда сабалып каза болгон жигиттин агасы: "Иним сөзгө чечен, өзгөчө жан эле"

 

Бүгүн, 13-сентябрда Жалал-Абад шаарында түнкү клубдун жанындагы жаңжалда ур-токмокко кабылган 26 жаштагы Мунарбек Бекишов ооруканада каза болду. Ал жакында үйлөнмөк. Өзү дагы Казакстандан досунун тоюна катышуу үчүн келген. Жүрөгүнөн кан өтүп турган маркумдун тууганы Медербек Чынтемиров SUPER.KG порталына иниси тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, маркум эч кимге жамандыгы жок, бир мүнөз, сөзгө чечен жигит болгон. Учурунда жергиликтүү каналдардын биринде иштеп, алып баруучулук менен алпурушуп, тойлордо тамадалык кылып келген.

"Инибиз алган жаракаттарынан улам оорукчан болуп калса деле жашап калса, эч нерсеге карабай, алаканга салып карап алат элек. Тилекке каршы, ал каза болуп калды. Мунарбек бир тууган таякемдин баласы. Үйдүн жалгыз, ишенген баласы болчу. Иним иччү дагы эмес, чекчү дагы эмес, ашыкча да басчу эмес. Ал жакында үйлөнөм деп ниет кылып жүргөн.

Үйлөнсөм досторум келет деп тойлорго калбай катышып жүргөн. Эч жаман мүнөзү жок, бирөөнүн көңүлүн оорутпаган өзгөчө жан эле. Убагында 7-каналда журналист, алып баруучу болуп иштеген. Досторунун арасында кадыр-баркка ээ, жоро башчысы болчу. Мунарбек иним элге тек гана жакшылык кылып жүрүп көзү өтүп кетти. Бирок өзү эч жакшылык көрбөй калды. Сөзгө укмуш чечен болуп, элге ширин сөзүн арнаган боюнча кете берди. Иним жашаса болот эле. Чырактай бала болчу, жүрөгүмдөн кан өтүп турат", - дейт агасы Медербек.

Мындан сырткары, ал буга чейин инисинин өлүмүнө себепчи болгон Абай аттуу баланын атасы айыл өкмөт башчысы эмес экенин, маалымат жаңылыш кетип калганы үчүн тиешелүү тараптан кечирим сурай турганын дагы кошумчалай кетти.

"Абай деген баланын атасы айыл өкмөт башчысы деп айтылган. Бирок анын атасы айыл өкмөт башчысы эмес экен. Айыл өкмөттүн башчысынын аты Бакыт, сабаган баланын атасынын аты Сыргак деген киши экени анык болду. Ошондуктан Бакыт деген кишиден тууган-уруктун атынан жалган жалаа үчүн кечирим сурайбыз. Алар туура түшүнүүсүн өтүнөм. Анткени ачуу учурундагы сөздөр анын дарегине айтылып калды. Айыл өкмөттүн окуяга такыр тиешеси жок экен", - деди ал.






Жалал-Абаддагы түнкү клубдагы мушташтан каза болгон Мунарбек Бекишов

Жалал-Абадда мушташтын кесепетинен 26 жаштагы жигит каза болду

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.09.2019. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Инимдин арбагы уктатпасын!Омур бою турмодо чиришсин.Мындай мыкаачы зоокурлорго олум!
14.09.2019. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаркыраган ак конул элен. Сени биз эле эмес, Кудайымда суйгон экенда. Ишенгим келбейт бирок айла жок... Сени сабаган канкорлор эки дуйно жакшылык корбосун.
14.09.2019. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бардык туугандарына, ата энесине жакындарына көңүл айтам.Чырактай жаш чырпык экен эле.Сабыр кылыңыздар.Канкорлор эки дүйнөдө азапта болсун.
14.09.2019. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анчалык каргабаныздар, эчимдин башына тушпосун мындай окуя. Биздин мандайыбыздагы кошунабыз болчу, жаны торогон аялы, баласы жалко, камалса... эчкимге зыяны жок эле жаш бала болчу...
14.09.2019. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Merelisha,ХХХХ андай ХХХХ. Биз жетилип уйлонот деп турган балабыздан айрылдык анын баласына жалко биздикине баарибирби. Эми корот каргышты
Модератор admin_portal түзөттү 2019-09-16 09:31:09
14.09.2019. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ичпеген чекпеген Намазы менен жургон Мунарбектен айрылдык турмодон олугу чыксын Мунарбектин арбагы уктатпасын
14.09.2019. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынчалык ыймандуу, жакшы жигит болсо, анда Түнкү клубда эмне иши бар?!
14.09.2019. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Migrant-rf,Достору эртен кетсен чай ичип кет досум деп ушул болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: