super.kg logo
  Саясат  

Аида Касымалиева менен айтыша кеткен Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынынан чыгып кетти

 

Депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин жыйынында сөзүн аягына чыгара албай калгандыктан чыгып кетти. Ал жыйындын соңунда сөз алып сүйлөөрдө төрага Дастан Жумабеков күн тартибине туура келбей тургандыгын айтып, сөздү кийинки эл өкүлүнө узатты. Баштаган сөзүн аягына чыгара албай калган Карамушкина жыйындан чыгып кетти.

Ал парламент регламентин бузуп, протокол боюнча иштебей жатканын айтып, нааразы болду.

"Урматтуу төрага, сиз эмнеге менин сөзүмө карата комментарийлерди токтоткон жоксуз. Регламенттин кайсы жеринде бир депутат экинчи депутаттын сөзүнө карата комментарий берсе болот деп айтылган. Бул регламентти бузуу болуп саналат", - деди ал.

Жыйында депутаттар Айнуру Алтыбаева менен Аида Касымалиева Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуясынын тегерегинде айткан сөздөрүнө карата пикирлерин айтышкан болчу. Анда Карамушкина тергөө органдары анын телефонун алып койгонун, Асель Кодурановага интернет пайдаланууга тыюу салганын айтып, президентке кайрыларын белгилеген. Буга Аида Касмалиева жооп берип жатып: "Сиздин телефонуңузду алып коюшуптур. Ал бул жакта адам өмүрү кыйылып, балдар атасыз калды. Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары араң эсине келип айыгып жатат. А сиз телефонуңузду айтасыз", - деди.






Касымалиева Карамушкинага: "Эки жүздүүлүгүңүздүн чеги болушу керек"

Автор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: