super.kg logo

Ошто 33 жаштагы келин 6 айлык наристесин күйөөсүн коркутуп коюу максатында мейманкананын жанына таштап кеткен

 

Ош шаарында мейманканалардын биринин алдына 6 айлык наристени апасы жолдошун коркутуп коюу максатында таштап кеткен. Бул тууралуу ОШ ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрда болгон. Анда шаардагы мейманканалардын биринин кызматкери милицияга эшикте 4-5 айлык наристени таштап кетишкени боюнча кабар берген. Окуя катталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, наристенин аты-жөнүн тактап, ал ушул жылдын май айында төрөлгөнү аныкталган.

"Териштирүү иштеринде наристенин апасы Өзгөн районунун Куршаб айылынын 33 жаштагы тургуну болгон. Ал алгачкы көрсөтмөсүндө наристени жарандык никеде жашап жүргөн 25 жаштагы күйөөсү "менин балам эмес" деген сөзүнөн улам аны коркутуп коюу максатында бул ишти кылганын айткан. Ошондой эле ал баланы таштап коюп, өзү 40 метр аралыкта баласын карап турган. "Тез жардам" кызматы келгенде ал баланын жанына келип баланын апасы экенин айтып, ооруканага чейин өзү кошо барган. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "коркунучта калтыруу" беренеси менен катталып, тергөө иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.






“Бала меники эмес” деген күйөөсүн коркутуу үчүн аялы баласын көчөгө таштады

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
18.10.2019. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аман эле болгулачы, ушинтип да коркутабы...
18.10.2019. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Энеси карап турган болсо,качып кетпеген болсо болду да,эми муну жылдап сурака чакырбай берип койгула баласын.
18.10.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эркек олуп кетсе коркпойт. Баланы кыйнап эмне кереги бар
18.10.2019. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз боозуп алып энесин коркутат дегендей болгонбу
18.10.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
33ко чыккыча чонойбосон анда дальше чонойбойсун. 40метр эмес 4 кадам таштай албайм 5жаштагы кызымы кароосуз. Акмак экенсин!
18.10.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Отузга чыгып онолбосон,кыркка чыгып кыйратпайсын деген соз бар
18.10.2019. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Неге мынча караңгы элбиз?
19.10.2019. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соз жок
19.10.2019. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
33 жаштагы келин 25 жаштагы күйөөдөн төрөсө, дагы эмнени күтсө болот. Меники эмес десе, демек, дагы бирөөлөрү болсо керек да келиндин, же жигит али чоңоё элек окшойт
Медиа-портал
20.10.2019. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бала атасыныкы болбосо.апасыныкы да.акылы жок келин 33 болсо да акыл кирбептир
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: