super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте бал жарманкеси ачылды

 
Жарманке Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын аянтында өтүүдө
Жарманкени “Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмесинин президенти Казим Каракетов ачты
"Колечка" тобу ары-бери өткөн элди жарманкеге чакырып, ырдап, бийлеп жатышты
Табигый, таза бал
Жарманкеде прополис да сатылууда
Ал эми бул зат ашказан оорусуна жакшы экендигин балчылар айтышты. Аны алар "обрезка" деп аташат экен
Жарманкеде мом да сатылып жатыптыр
Жарманкеде 1 килограмм бал 250 сомдон сатылууда. Бирок соодалашып, бааны түшүрсө болот
Жарманкеден бир учур
Жарманкеде балды ооз тийип көрүү бекер, ал үчүн атайын бир жолу колдонулуучу кашыктар коюлган
Колдонулган кашыктарды ушундай стакандарга ыргытуу керек экен
"Пыльца" деп аталган затты да аарылар чогултат. Бул зат иммундук системди жакшыратат экен
Бал чогултулганына көп убакыт болгон соң, ушинтип катуу боло баштайт
Жарманкеге балдын түрлөрү коюлган
Жарманкенин катышуучусу
Жарманкеге балдын түрү коюлган
Момдон жасалган шамдар
Бул ичимдик "Медовуха" деп аталат. Бул да бал алууда жасалат
Накта бал ушинтип үзүлбөй чоюлушу керек экен
Кардарлардын көбү орус улутундагы адамдар экенин байкадым
Өлүп калган аарыларды кургатып дары жасашат экен
Өлүп калган аарылардан жасалган дары
Жарманке учуру
Ак түстөгү бал. Бул жалаң гана эспарцет чөбүнөн чогултулган бал
“Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмесинин президенти Казим Каракетов: "Таза бал ушинтип чоюлушу керек"
Балчылар Кыргызстандын ар кайсы райондорунан келишиптир
Момдон жасалган шам
Бул зат "Пыльца" деп аталат. Эндокринологиялык ооруларга жана унутчаактыкка жакшы жардам берет
Аарылар ушул чөптөрдөн бал чогултушат экен
Бал таза же кошулмасы бар экендигин кээ бир кардарлар ушинтип текшерип жатышты
Жарманкеге коюлган балдар

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында бүгүн, 14-августта бал жарманкеси ачылды. Быйыл 25-августка чейин улана турган бул иш-чараны “Кыргыз бал челекчилер биримдиги” коомдук бирикмеси 3 жылдан бери уюштуруп келет. Бирикменин башчысы Казим Каракетов билдиргендей, жарманкеге 25тен ашуун балчылар катышууда. Максаты – шаардыктарга сапаттуу, табигый бал азыктарын тартуулоо жана эл арасында таза балды колдонууну жайылтуу. “11 күнгө уланчу жарманкеге Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан балчылар келишкен. Бул жерде жалаң таза, кошулмасыз балдар сатыкка коюлуп, баасы да базардагыдан арзан. Иш-чара күн сайын саат 09:00дөн 18:00гө чейин уланмакчы. Сатуучулар соода гана кылбастан, кардарларга балдын пайдасы тууралуу маалымат беришет. Ошондой эле жетим балдарга арналган кайрымдуулук акциясы өткөрүлүп, аларга 50 килограмм бал акысыз берилип, бекер концерт уюштурулат”,- деди Каракетов. 






Табигый балды кантип тандаш керек?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: