super.kg logo
  Спорт  

Аягына чейин үмүт кылышты... Кыргыз-Япония беттешиндеги күйөрмандардын эмоциясы (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 14-ноябрда футбол боюнча Кыргыз-Япония беттеши өттү. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болуп, ал жакка батпай калган күйөрмандар эски аянтка чогулду. Фан-зонага күйөрмандык кылып келген элдин саны болжол менен миңге чукулдады. Эски аянтка "Ак шумкарларга" күйөрмандык кылып, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев дагы келген. Ал эл топтолордун алдында SUPER.KG порталына кыскача маек берип, кубанычтуу эмоциялары менен бөлүштү.

“Албетте, ар бирибизде биздин команда утат деген көкүрөктө ишеним күч. Негизи Япония дүйнөлүк деңгээлде ойноп жүргөн команда, бирок ага карабай, биздин оюнчуларга ишенем. Кыргыз өлкөсүнүн желегин желбиретип, намысы үчүн катуу турган жигиттерге күйөрмандык кылам, албетте! Мен кыргыз футбол күйөрмандарына "Көк бөрү" чыгармасын аткарып, биздин оюнчуларды сүрөп турам", - деди Примбердиев.

Кызуу кыйкырык, алга сүрөө менен коштолгон оюн 2:0 эсебинде Япониянын жеңиши менен аяктады.

Футбол боюнча кыргыз курамасынын аянтка чогулган күйөрмандарынын арасында “Ак шумкарларга” ыраазы болгондору дагы, нааразы болгондору дагы болду. Көрөрмандардын кээ бири Япония менен ойноонун өзү жеңиш десе, кээ бири оюнчуларга нааразы экенин билдиришти.

Биринчи тарап “Кыргыз курамасында дарбазага гол киргизүүгө толук мүмкүнчүлүк болду, бирок оюнчулар мүмкүнчүлүктү колдоно алышкан жок”, - десе, экинчи тарап “Япония дүйнөлүк деңгээлдеги күчтүү команда, алар менен ойноонун өзү жеңиш”, - деп комментарий беришти.






Кыргыз-Япония беттеши: Күйөрмандардын сүрөөнү. Эски аянттан репортаж

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.11.2019. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматтар! Ак Шумкарлар азаматсынар!
14.11.2019. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинкисинде Аман болсок женебиз биз силерге ишенебиз
14.11.2019. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч нерсе эмес... Алга!!!
15.11.2019. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Өтө эле алсыз команда биздин командачы. Даярдыгы деле жок. Дайыма өзүбүздү алдайбыз кийинкисинде деп. Же мамлекет көңүл бурбайт күчтүү футболисттерди чет жака кетирбей бир экону алып коюшса болбойбу. Тиги вратарь бир убакта звезда болду эле ал деле кыйраткыдай эмес. Кыскасын айтканда акыркы убакта үмүт деле кылбай калат окшойбуз оюндарда
15.11.2019. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mamiev,Ким эле чемпион болуп торолгон дейсинер болот да баары акырындан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: