super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсү - Тажикстан - 1:1. Оюн тең чыгуу менен аяктады (хронология)

 

Башынан / Аягынан Маанилүү

2019-11-19 21:54

Финалдык ышкырык жаңырды. Эсеп - 1:1. 

2019-11-19 21:53

Оюндун чыңалуусу мына. Талаанын ортосунда футболчулар талашып-тартышууда. Башкы калыс баарын жайгаштырды. 

2019-11-19 21:50

ЛЮЮЮЮКС! Соккусу дарбазанын үстүңкү мамысына тийип калды. 

2019-11-19 21:49

Коноктор убакытты чоюу боюнча чемпион команда экендигин далилдешти.

2019-11-19 21:44

"Ак шумкарды" Люкс эмес, Тамирлан Козубаев сактап кетти! Эми дагы бир гол болсо, мындан да сонун болмок эле. 

2019-11-19 21:40

ГООООООООЛ! Эсеп теңелди. Бурчтан берилген топту Козубаев дарбазага киргизди!

2019-11-19 21:34

Тайпада 2-орунду алуу көз кайымдан учуп жатат. Бул оюндан жеңилсек, 3-орун үчүн гана Мьянма менен күрөш жүргүзүп калабыз.  

2019-11-19 21:33

Абада голдун даамы сезилбейт. Бир гана чыңалуу. 

2019-11-19 21:29

Абдурахманов Шукуровду алмаштырды. 

2019-11-19 21:28

Сагынбаев кайрадан! Соккусу дарбазага таамай болбой калды. 

2019-11-19 21:20

Люкс Кыргыз курама командасын сактаганы чыкты. Майер талаадан кетти. 

2019-11-19 21:17

Коноктор убакытты чоюуну баштады. Бир четинен туура. Конокто мындай жеңиш таттуу. Жеңиш үчүн бардыгына даяр болуш керек.  

2019-11-19 21:16

Майер сары айып кагазын алды. Буга чейин Шукуров 1-таймда сары кагаз алган. 

2019-11-19 21:13

Бернхарддын соккусу дагы дарбазадан өйдө кетти. 

2019-11-19 21:08

Майердин соккусу! Бурчтан чыгарып берилген топту башы менен сокку узатты. Дагы өйдө кетти!

2019-11-19 21:06

Сагынбаев! Узатылган соккусу дарбазадан бир аз өйдө кетти. 

2019-11-19 21:04

Кыргыз футболчулары чабуулдар менен 2-таймды баштады. Бул оюнда упай албасак, тайпадан 2-орунду алуу татаалдашат. 

2019-11-19 21:01

2-тайм башталды. Биринчи алмаштыруу - Юсуповдун ордуна Жыргалбек уулу талаага чыкты. 

2019-11-19 20:47

1-тайм аяктады. Эсеп - 0:1. 

2019-11-19 20:46

Мурзаев! Башы менен узатылган соккусун дарбазачы оңой эле тосуп алды. 

2019-11-19 20:40

Акыркы 10 мүнөт бою чабуулда үй ээлери. Тажик футболчулары коргонууда гана ойноодо. 

2019-11-19 20:32

Кичиндин жакынкы бурчка узатылган соккусун дарбазачы тосуп кетти! Кооптуу абал. Үй ээлеринин оюну жүрүшпөй жатат. Мындай оюн менен упай алуу оор болот.

2019-11-19 20:21

Алыкулов эми гана өзүн көргөздү. Анын соккусун дарбазачы тосуп алды. 

2019-11-19 20:18

Гол. Тажик футболчусу Эргашев эсепти ачты. 

2019-11-19 20:13

Кооптуу абал жарала элек. Оюн ортоңку бөлүктө жүрүп жатат. 

2019-11-19 20:07

Шукуровдун бурчтан чыгарып берген соккусу Рибери менен Роббендин комбинациясына окшошуп кетти. Бирок, топ дарбазадан өйдө кетти.  

2019-11-19 20:05

Азырынча эки команда талаага көнө албай жатышат. Каталар көп кетүүдө. 

2019-11-19 20:03

Талаада топко ээлик үчүн күрөш жүрүүдө. Кыргыз футболчулары чабуул уюштурууларын баштады. 

2019-11-19 20:00

Калыс ышкырыгын жаңыртты. Оюн башталды. 

2019-11-19 19:58

Эки өлкөнүн гимни жаңырды. 

2019-11-19 19:36

Командалар оюн алдындагы машыгууга чыгышты. 

 

2019-11-19 19:32

Крестинин бул оюнга 5-4-1 тактикасы менен ойнойт же оюн өңүтүнө жараша 3-5-1-1 болуп өзгөрөт. 

2019-11-19 19:30

Негизги курамда Люкс чыкпайт. Башкы чабуулчулук милдетти Мирлан Мурзаев аркалайт.  

2019-11-19 19:26

Кыргыз өлкөсүнүн курамы белгилүү болду. 

2019-11-19 19:22

Бүгүн, 19-ноябрда Катар-2022: Дүйнө чемпиондугунда тандап алуу оюндарынын алкагында, Кыргыз курама командасы Тажикстанды кабыл алат. 


кошулду

Кыргыз-Тажик футбол беттешинен репортаж

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Элчибек Кыштообаев

Гүлжигит Алыкулов - кыргыз футболунун үмүтү. Оюн башталганга чейинки репортаж

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(56)
19.11.2019. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уткулачы элдин баарын кубантып
19.11.2019. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Буйруса 2_1 ге утабыз. Алга Ак шумкарлар
19.11.2019. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гимн ойнолуп атат. Ураа ак шумкар алга
19.11.2019. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
3-1
19.11.2019. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акшумкарлар жакшы оюн көрсөтпөй жатат оюн башында эле
19.11.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тажиктер 1 гол киргизди
19.11.2019. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гол сайды тажиктер слаба наша сборный
19.11.2019. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлдү
19.11.2019. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ссылка жонотуп койгулачы каяктан коробуз
19.11.2019. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандын составы слабый екен шалпыйып журушотко бул кетишде дуйнолук чемпионатты тушундо корушот
19.11.2019. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тажиктер өлүмүш болуп убакыт өткөрө баштады
19.11.2019. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы жактан онлайн коробуз
19.11.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КТРК спорттон коргуло
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: