"Marine Health Group" эл аралык компаниясы менен акча таап да, ден соолугуңузга кам көрсөңүз да болот" дешет анын өкүлдөрү






Бүгүн, 25-ноябрда SUPER-MEDIA маалымат-борборунда ден соолукка кам көрүү менен акча табуунун жолдорун кантип айкалыштырса болот деген теманын алкагында жыйын болду. Анда "Marine Health Group" эл аралык компаниясынын өкүлдөрү аталган компаниянын продукциялары тууралуу айтып беришти.
Ооруну жана картаюуну алдын алууну жөндөгөн продукцияларга бай "Marine Health Group" компаниясы Кыргыз өлкөсүндө да расмий ачылганын анын кош негиздөөчүсү Айдар Шарипжанов айтты. Ал белгилегендей, бул компания менен жарандар жөн гана дарыланбастан, кошумча акча табууга да мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
"Бул ишмердүүлүк бүгүнкү күндүн башкы талабы. Биздин башкы расмий өнөктөшүбүз Япониянын "Ито Канпо Фармасьютикал" компаниясы. "Marine Health Group"деңиз фармакологиясы боюнча продуктулардын лидери болуп саналат. Биз бул мүмкүнчүлүктү бардык каалоочулар пайдалана алат деп айтмакчымын", - деди Шарипжанов.
"Эч кандай чыгаша кылбай туруп киреше таба алуу мүмкүнчүлүгү бар болгондуктан, ушул тармакты тандадым", - деди анда он жылдан бери иштеп келген Еркебулан Шоменбаев.
Кыргыз өлкөсүндө расмий түрдө ачылган "Marine Health Group" эл аралык компаниясынан маалымат жыйын



1 |