super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Кошуна өлкөлөрдө спорт комплекс бар, бизде гана жок"

 

"Кошуна өлкөлөр өсүп, өнүгүп жатат. Ал эми биз аларды карап, суктанып коюп олтурабыз". Бул пикирин бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясында футбол боюнча Кыргыз курамасынын машыктыруучусу Александр Крестинин айтты.

Шаардык кеңештин депутаттары футболдук борборго жер тилкесин бөлүп берүү боюнча маселени карап жатышат. Грант катары бөлүнө турган 10 миллион доллар акчага жер тилкесин бөлүү учурда маселе жаратууда. Тиешелүү тараптардын айтымдарында, борбор курууга тиешелүү жер тилкеси табылбай жатат.

Эгерде мэрия белгилеген убакытка чейин жер тилкени таап бере албаса, грант кошуна өлкөгө бөлүнүп кетиши мүмкүн.

Башкы машыктыруучу Крестининдин айтымында, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү өспүрүмдөр арасында дүйнө чемпиондуктарына активдүү катышып келе жатат.

"Аларда машыгуу үчүн туура систем калыптанган жана алардын келечеги дагы сонун экени көрүнүп турат. Кошуна өлкөлөрдүн баары спорт комплексттерин куруп бүтүшкөн. Ири комплекс бизде гана жок. Кошуналар өнүп, өсүп жатат, биз кол куушуруп олтурабыз.

Биз өлкө башчы менен бул туралуу сүйлөшкөнүбүздө, ал бул нерсени кош колдоп колдой турганын айткан. Бүгүн бизде тарыхта кала турган мүмкүнчүлүк болуп турат. Эгер бул кадамды таштасак, тарыхта калат элек. Ал эми биз болсо жөн гана олтуруп, талкуулап жатабыз", - деди Крестинин.






Футбол борбору үчүн жер тилкесин бөлүү кечеңдеп жатат

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.12.2019. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх патриот бироо чыгат бекен,элим жерим жеген.
25.12.2019. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албектин жерлеринен бироосун бергиле да.33 гектар жер уй салып жашап жатышат
25.12.2019. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо 10 миллион $ жетеби комплекс курганга биздикилер болунгон акча жетпей калды деп эле журотко дагы акчаны алып жеп койуп башка олколордун алдында уят болуп калбасак эле болду
SUPER.KG видео
26.12.2019. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят, уят Крестининчелик олкого куйгон чиновник жоктойго мерияда. Ошол жерди да комплекске бербей, коз тиккендер бар го деп калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: