super.kg logo
  Саясат  

Саясатчы Адахан Мадумаров Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго расмий түрдө кайрылат

 

Бүгүн, 14-январда саясатчы Адахан Мадумаров расмий түрдө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго кайрылуу жолдой турганын маалымат жыйында билдирди. Буга Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандарынын шайлоодогу укуктары сакталбай жаткандыгы себеп болгонун айтат. Буга чейин ал чет өлкөдө иштеген Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бере албай жаткандыгын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган болчу.

"Биз борбордук шайлоо комиссиясына чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын шайлоодогу укуктары корголбой жатканын айтып кайрылганбыз. Андан бери кырк күн өткөнүнө карабастан, тиешелүү тараптан жооп болгон жок. Мага ишенген, биздин партияга үмүт арткан жүздөгөн мигранттар бизге кайрылып, конституциялык укуктарыбызды коргоп бериңиз деп жатышат. Биз кайрылган адамдардын өтүнүчүн көз жаздымда калтыра албайбыз. Бүгүн катты Орусиянын Бишкектеги элчилигине жөнөтөбүз. Алар кечиктирбестен бул катты карайт деп ишенебиз", - деди Мадумаров.






Мадумаров Орусиянын тышкы иштер министрине кайрылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: