super.kg logo
  Саясат  

Адахан Мадумаров: "Азыркы өкмөт чек ара маселесин чече албайт. Ага акылы, сабаты, эрки жетпейт"

 

Адахан Мадумаров журналисттер менен жолугушуп, маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда журналисттер "Баткендеги Кыргыз-Тажик чек арасындагы маселе жерлерди алмашуу жолу менен чечилери айтылууда. Буга кандай карайсыз?" - деген суроо узатылды.

Мадумаров вице-премьер Жеңиш Разаков Американы ачкан жок, бул айтылып эле келе жаткан маселе болчу деди. Ошондой эле саясатчы эки өлкөнүн ынтымагы, алакасы өлкө башчыларынын бири-бирине болгон сый-урматынан да көз каранды экенине токтолду.

"Мамлекеттер аралык кызматташтык, алаканын жакшы болушу өлкө башчылардын башчыларынын бири-бирине болгон сый-урматынан көз каранды. Ал эми биздин президентке карата ошондой сый-урмат барбы? Менимче, жок. Негизи эле бул чек ара маселесин азыркы бийлик, өкмөт чече албайт. Ага алардын күчү да, сабаты да, эрки да жетишпейт. Жеңиш Разаковго Баткен эли ишенбөөчүлүк көрсөттү, элдин "ал бул көйгөйдү чече албайт" дегендерине карабай ал өзүнүн ордунда отурат. Кадр маселеси жөнгө салынышы керек. Маселен, өлкөдө тышкы саясат деген жок, ушул маселелердин баары тышкы саясаттан көз каранды", - деди Адахан Мадумаров.

Ошондой эле ал бүгүн, 14-январда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго расмий кайрылуу жолдой турганын айтты. Ал кайрылуу Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жарандары шайлоодо добуш бере албай жаткандыгына байланыштуу экенин айтты. Буга чейин бул маселе менен Мадумаров Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылган.






Мадумаров Орусиянын тышкы иштер министрине кайрылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: