"Сооронбай Жээнбековдун эң чоң реформасы - Атамбаев менен күрөшүп, анын режимин сындырганы" дейт Азимбек Бекназаров



Кыргыз өлкөсүнүн Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат. Журналисттер тарабынан ага: "Мен 5 президентти көрдүм, алардын бири да өзүнө сын айткандарды уккан эмес. Бир эле Сооронбай Жээнбеков угуп жатат дедиңиз, конкреттүү кайсы реформаларды жасады деп айта аласыз?" деген суроо берилди.
Буга Бекназаров: "Билген адамга Сооронбай Жээнбеков чоң реформаларды жасады. Мисалы өлкөнүн айдоочуларынан бери башкарып алган Атамбаевдин режимин сындырды, ошол режим менен 2 жыл күрөштү. Бакиев, Акаевдердин учурундагы коррупцияга жетпесе да, Атамбаевдин учурундагы коррупцияга кайтып барып, ошол кездеги коррупция менен күрөштү.
Ал эми Атамбаев өзүнө-өзү кылып алды, ал мурдагы өлкө башчы катары Кой-Таштагы үйүнө куралдуу адамдарды топтобошу керек болчу", - деди ал.
Кыргыздын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берди

