"Ташиевдин партиясы менен биригесиздерби?" деген суроого Текебаев: "Ташиев менин үкам, бул факт"

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "Ата-Мекен" партиясы менен Камчыбек Ташиев лидерлик кылган "Ата-Журт" партиясы алдыдагы шайлоого карата биригиши мүмкүн экенин жазышкан.
Бүгүн, 23-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кайра кароо улантылды. Андан кийин саясатчы журналисттердин суроолоруна жооп берди. Журналисттер андан "Камчыбек Ташиевдин партиясы менен биригесиздерби?" деп сурашты.
"Ташиев менен мамилем жакшы, ал менин үкам, бул факт, аны четке кага албайсың. Мен камакта отурган учурда да кабар алып, баарлашып турчубуз. Өзүнүн көз карашы бар, күчтүү жигит", - деди Текебаев.
Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун иши каралды
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
3

