super.kg logo
  Саясат  

"Отурасыңар былтыйып". Президент коррупцияга шектелип кармалган Алмаматовдун бошотулушу боюнча Башкы прокуратура менен Жогорку Сотту сынга алды

 

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун бошотулушу боюнча маселе көтөрдү.

"Коррупцияга шектелип жаткан Алмаматов боюнча соттун биринчи инстанциясында 12 жарым жылга эркинен ажыратылган. Экинчи инстанцияда ал бошотулду. Бул резонанстуу иш болчу. Коомдун бардыгы бул тууралуу айтып жатат. Мен маалымат каражаттарынан көрүп отурам. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы күнү-түнү иштеп, аны кармаган. Прокурор менен сот алып аны бошотуп салды. Бул нерсе мени таң калдырып жатат. Эмне үчүн ал прокурор кызматынан бошотулган жок? Эмне үчүн сот дагы деле иштеп жүрөт? Бул суроого жооп бергиле, коомчулук уксун. Бул нерсени ал прокурор чечкен жок, ага жогорку жактан буйрук берген ошон үчүн аны кызматтан бошото албай жатасыңар. Коомчулук бул боюнча мени буйрук берди деп ойлоп жатат. Силер болсо эч нерсе болбогондой отурасыңар. Мага сөз тийип жатат, силер болсо былтыйып отурасыңар", - деди президент.

2018-жылдын 2-ноябрында Насирбек Алмаматов УКМКнын кызматкерлери тарабынан унааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык иштерди түзгөн деп айыпталган.

Октябрь райондук соту Алмаматовду 12 жарым жылга эркинен ажыратып, андан кийин Бишкек шаардык соту ал өкүмдү жокко чыгарып, 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен Алмаматовду бошоткон. Андан кийин Октябрь райондук соту Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечиминин үстүнөн арыз жазган.

Жогорку сот 30-октябрда бул ишти карап, Бишкек шаардык сотунун чыгарган чечимин жокко чыгарып, Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Андан соң ага издөө салынган.






Коопсуздук кеңеши кайсы аткаминерлерди кызматтан алууну сунуштады?

Автор: Кызжибек Раимова, Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев

“Отурасыңар былтыйып". Президент кайсы аткаминерлерге ачууланды?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 23 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: