super.kg logo

Министрлик: "Ухан шаарындагы 18 Кыргыз жараны Бишкекке келди. Алар Бишкектин четиндеги жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылды"

 

Кыргыз өлкөсүнүн Ухан шаарында жашаган 18 жараны Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2-февраль күнү казак тараптын жардамы менен Нур-Султан шаарына алып келинген 18 Кыргыз жараны Бишкекке атайын борт менен жеткирилди. Келген жарандардын баары аэропортто тиешелүү текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын четиндеги атайын жугуштуу оорулар үчүн бөлүнгөн бөлүмгө жайгаштырылды. Оорукана керектүү лабораториялык жана дарылоочу жабдуулар менен жабдылган. Анда адистешкен медициналык персоналдар бар. Эвакуацияланган жарандар биринчи кезекте коронавирус инфекциясына карата текшерүүдөн өтүшөт", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Өкмөттүн жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев вирустун очогу болгон Ухан шаарында 15 Кыргыз жараны бар экендигин айткан.

Андан соң Кытайдан келген Арина Арпачиева аттуу социалдык тармактын колдоонучусу "Баарыбызды шарты жок автобуска салышты" деген нааразычылыгын баракчасына жазып, окуянын видеосу да тараган.






Ухань шаарындагы 18 Кыргыз жараны Бишкекке келди

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
02.02.2020. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Шарты жок автобус болсо да алып келгендерине суйунбойбу. Негизи келтирбей турса болмок, бизге балээни алып келишпесе болду. Кудай сактасын
02.02.2020. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшылап текшерип , коё бербей турушсун эми 14-15 кун , кудай сактап турсун эми .
02.02.2020. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жугузуп келишпесе болду.Элибизтынч болсо экен.
02.02.2020. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чет олкодо окуган коп студенттер чондордун балдар кыздары ошондуктан алып келишет. Анан кантип эле 18 болуп кетти 15деп айтылып атты эле го
02.02.2020. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Нааразы болгон арпачиеваны айтсанар шарты жок буска туштум деп. Уханьга биз учун баргансып. Келгенине суйунбогон акмак. Жугузуп келбесе эле боолду эми.
02.02.2020. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алып келбей турушса болмок экен, эми кудай сактасын баарыбызды
02.02.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
18 кишини алып келебиз деп, 6 млн кишинин өмүрүн тобокелчилике салып атышат ((( кудай бербесин оору жукту дегиче биз Кыргызтандыктар чабал мамлекетпиз туруштук бералбайбыз, эми кудай өзү сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: