super.kg logo

Ошто Монуев көчөсү толук жаңыланууда

 

Ош шаарында Монуев көчөсүнөн темир жол бекети аркылуу Раззаков көчөсүнө чейин алып чыккан жол капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тилке мурда Т.Турсунбаева көчөсү деп аталып, узак убакыттан бери оңдоого муктаж болуп келген. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол “Т” түрүндөгү кесилиштер менен татаал аймактан өтүп, шаар ичиндеги кыймыл үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Учурда жолдун негизги бөлүгү жаңыланып, инфраструктура толук жаңыртылууда.

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жеринде иштин жүрүшү менен таанышып, аймактагы “Азия” соода борборуна тротуарларын жана пандустарын иретке келтирип, оңдоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди.

Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, быйыл Ош шаарында жалпы 50 чакырым жол оңдолуп, иштерди окуу жылы башталганга чейин бүтүрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: