Өзгөндө унаа менен кошо күйүп кеткен 7 адамдын сөөгү жерге берилүүдө
Өзгөндө унаа менен кошо күйүп кеткен маркумдардын сөөгү жерге берилүүдө. Бул тууралуу Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, каза болгондордун улуусу 45 жашта болсо, кичүүсү 27 жашта.
"Маркумдарды азыр бир жерден сөөгүн чыгарып жатабыз", - деди айыл өкмөт башчы.
Кечээ, 3-февралда Өзгөндө айдоочу рулга ээ боло албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз катчысы билдирген болчу.
Өзгөндө автокырсыктан 7 адам каза болду. Алар унаанын ичинде күйүп кеткен
Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:44
2025-08-11

14:37
2025-08-09
17:17
2025-08-08

17:14
2025-08-08
Рейтинг:
0

Манкурт окшойсуң өзүн түшүндүңбү жазганыны