super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Ишкердиктин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок"

 

Мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой жатат. Бул тууралуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйыны учурунда Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков айтты.

Айтымында, бул тармак күтүлгөн жыйынтыктарды бербей жатат.

"Ишкердиктин биз күткөндөй активдүүлүгү орун алган жок. Ишкерлер мунун негизги себеби катары - инвесторлордун кызыкчылыгын коргоонун чабалдыгын айтышууда. Бизнес ассоциациялары жана ишкерлер тарабынан келип түшкөн даттануулар бар.

Негизинен алар укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратканы айтылууда. Кээ бир учурда негизсиз оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар түшүп жатат", - деди Жээнбеков.

Өлкө башчы соттук процесстерде ишкерлердин жана инвесторлордун укугу толук корголбой жатканына токтолуп өттү. Мындан улам ал бүгүнкү жыйында бардык көйгөйлөрдү ачык айтып, тиешелүү чечимдерди сунуштоого чакырды.






Президент дагы ачууланды: “Чөнтөк толтуруп жатасыңар, жыйынтык көрсөтпөйсүңөрбү!”

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: