БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Ош, Токмок, Каракол шаарларында шайлоочулардын тизмеси тууралуу таң каларлык окуялар уланууда"




Ош шаарында жыл башынан бери 30 миңдей адам каттоого тургандыгы маалымдалган болчу. Бул боюнча жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоонун алдындагы оюндар деген оюн жазгандар көп болду.
Бүгүн, 17-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова Ош, Токмок, Каракол шаарларында шайлоочулардын тизмеси тууралуу таң калычтуу окуялар уланып жатканын жеке баракчасына жазган. Мындан тышкары ал бүгүн саат 14:00дө бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясында жыйын өтөрүн жарыялаган. Бул убакытка журналисттер да жыйынга катышуу үчүн келишкен. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы да, башка кызматкерлер да жумушчу жыйын жабык болорун билдиришти. Алар эч кандай журналисттер чакыртылбаганын айтышып, жыйынга катышууга болбой турганын белгилешти.
Анткен менен Атыр Абдрахматова бул чечимге каршы. Айтымында, буга чейин 1 айдын ичинде Ош шаарында 36 миңдей адам катталган, Токмокто 7 миң жаран каттоодон өткөн. Мындай көрсөткүч демейде 1 жыл ичинде болот. Бул жолу бир айда ушунча адамдын катталышы жөн эмес деген БШКнын мүчөсү элдин шайлоого ишеними жоголбошу үчүн бул маселелер ачык талкууланышы керек болчу деп билдирет.
"Мен бул сандарды уккандан кийин өзүм атайын Токмокко барып келдим. Чын эле жарандарды каттоодо кызык көрүнүштөр болуп жатыптыр. Суроо берип Мамкаттоонун кызматкерлеринен да, жарандардан да жооп ала алган жокмун. Баары жооп берүүдөн качып жатышты. Боршайком болсо Мамкаттоо катталам деген жаранды токтоосуз катташы керек деп түшүндүрүп жатат. Демейде бир жылда катталган жарандардын саны менен шайлоонун алдындагы бир ай ичиндеги каттоо тең болуп жатса аны караш керек да. Дагы бир жагдай, катталган жарандардын саны өстү деп Мамкаттоо маалымат бергени менен, шайлоочулардын саны тескерисинче азайып кеткен. Кана жаңы катталган шайлоочулар, аларды кайда катып алышты?
Мына ушундай суроо жараткан учурларга Боршайком өзү ачык жооп берүүгө кызыкдар болушу керек болчу. Антпесе коомдун шайлоого карата ишеними жоголот", - деди ал.
Ал эми Боршайкомдун төрайымы да, кызматкерлери да жыйындын жыйынтыгы менен маалыматтар берилерин билдиришти. Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 12-апрелге белгиленген.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: “Шайлоочулардын тизмеси тууралуу таң каларлык окуялар уланууда“


