super.kg logo

Ат-Башыга соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоору жабылды

 

“Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорду жапты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришет.

Ага ылайык, 200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылганы маалым болду.

Маалыматта инвесторлор буга чейин жердин ижара акысына төлөнгөн 43 миллион сомдон ашык каражатты кайтарып берүүнү суранганы айтылат.

Мындан тышкары логистикалык борборду куруучу “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” компаниясы расмий билдирүүсүн таратты.

“Логистикалык борбордун курулушуна 280 миллион доллар сарптоону пландаганбыз. Бул каражат компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүү учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта “Нарын” ЭЭА бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка макул болгонбуз. Инвестициялар боюнча Кыргыз өкмөтү бизге эч кандай кепилдик берген эмес жана бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган. Логистикалык борбордун курулушунда жана ал иштеп баштаганда 15 миңден кем эмес жумушчу иштемек. Ал эми бюджетке 8 жылда бир нече миллиард сом түшмөк. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочулары арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялары өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү курулушка каршы чыгып жатканда, биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана аны жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз”, - деп жазылат билдирүүдө.

8-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясында Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна кытай инвестору 280 миллион долларын салууга даяр экендигин, анда 15 миң адам туруктуу иш таба аларын билдирген.






Ат-Башыга соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоору жабылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
18.02.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Малды багып россияга барып көчөнү шыпырып жүрө бергиле
18.02.2020. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
chake,Ат-Башылык акаларым укаларым Азамат экен өз сөзүнөн кайтпайт экен акаларым бар болгула тынч болгула. Ат-Башы москвага барып жер шыпырбайт ака
18.02.2020. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элдин үнүн президентке жетти! Ат-башылыктардын нараазычылыгын күчөтүп бийликке каршы тукуртуу ниети барлардын тилеги ишке ашпай калды. Алар эми Ат-Башылыктарды карап да койбойт. Каерде чыр болсо ошол жерге барып провокация кылуунун уюштургандар жооп берер күнүңөр бар! Ат-Башылыктар баракелде аларды ээрчибей коюшту!!!
18.02.2020. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жумуш орундары жок дейбиз. Башкалар менен сүйлөшүп, жумуш орундарын түзөлү десе каршы болобуз. Деги бизге эмне жагат.Биз кантип өнүгөбүз.
18.02.2020. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
озубуз курушубуз керек бирого жалдырабай
18.02.2020. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
каап
18.02.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жакшы иш кылбады ушул провокаторлор, элдин убалына калмай болду.
18.02.2020. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Митингге чыккандар 41 миллион сомду төлөгүлө.
18.02.2020. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Jaznura,Аны тиги шефтерине айт да,мнеге чечиле элек ишке акча алып коет,жеп койгон болуш керек аны дагы.
18.02.2020. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kyrgyz_bloger,ооба туура атбашы жер учун келечек муун учун патриот болуп чырылдап атат.
18.02.2020. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Жумуш жок деп россиялап тентип журо берели. 100 адам иштесе да талаалабай ата энеси бала чакасынын бешенесинде жыргап отурмак да. Карапайым элди адаштырган провокаторлор онбосун
18.02.2020. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапканы жакшы. Башка инвестор карасын европа тараптан кытайдан башка. Анан бул жерде ачылганга макул болгондор, силер учун кыргыз жери баарибир болсо, биз учун керек, келечек учун керек.
SUPER.KG видео
18.02.2020. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chake. Men ozum At-Bashydan bolom, elder jon ele karshy bolgon jok. Jerdi Kytaiga bergileri kelgen jok. Eger kyrgyz biroo ushundai logistikalyk zentr acham dese, karshy bolushbait ele
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: