super.kg logo
  Спорт  

ФИФА: "Кыргыз өлкөсү-Мьянма (7:0) беттеши сүйлөшүлгөн болушу мүмкүн"

 
Ири эсеп менен жеңиш алып келген оюндун жүрүшү.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Мьянма курамасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана 2023-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна карата тандап алуу оюндарындагы Кыргыз улуттук курамасы менен болгон оюнун сүйлөшүп ойногон деп шек санап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

"ФИФА бул оюн боюнча иликтеп жатат, биз жыйынтыгын колубузга ала элекпиз. Мьянма курамасы да бул маселенин чечилишине кызыкдар", - деп билдирген Мьянма Футбол федерациясынын башкы катчысы Ко Ко Тейн.

Бул боюнча Кыргыз футбол союзу азырынча маалымат жок экендигин билдирди.

Оюн 2019-жылы 10-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн. Бул беттеште Кыргыз курамасы Мьянма курамасын 7:0 эсебинде жеңип алган. Бернхардт үч жолу, Шукуров эки жолу, Алыкулов жана Кичин 1ден гол киргизишкен. Бул оюндан кийин Мьянма Футбол федерациясы башкы машыктыруучусу Миодраг Радуловичти кызматтан алган.








Ак шумкарлар Мьянманы 7:0 менен жеңди

Автор: Амирбек Исмаилов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
SUPER.KG видео
13.10.2019. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Krasavchikter
21.02.2020. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо бизде кайдагы акча Мьянмага толоочу?!))))Кишинин кулкусун келтиришет да...
21.02.2020. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маянма ФИФАнын адамдарын сатып алып атат окшойт.
21.02.2020. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Андай болсо кайра беттешсин. Мына эмесе деп 9:0 менен женип ишендиргиле.
21.02.2020. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эси ооп жаткандыр да ФИФАдагылар,кантип эле Мьянма тажиктерди утуп,кыргыздарга 7-0го женилет деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: