ИИМ: "20дан ашык митингдин катышуучусу кармалды. Аларды Биринчи Май райондук сотуна алып кетишти"

"20дан ашык митингдин катышуучусу кармалды. Аларды Биринчи Май райондук сотуна алып кетишти". Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Уюштуруучулар митингди кечки саат 5те бүтүрүшү керек болчу. Алар аягында митингдин катышуучуларын башкара албай калышты. Чагымчыл маанайдагы сөздөр айтылды. Биз алдын ала эскерткенбиз. Митингди таратууда милиция кызматкерлерине таштар ыргытылып, тартип бузулду. Буга митингди уюштургандар жооп берет. Алар чыгымды төлөп беришет. Жакын арада уюштуруучуларды тактап, мыйзам чегинде жооп беребиз. Учурда канча адам кармалганы жана жаракат алганы так эмес. Митингге шаардык милициялар гана катышты. Башка жактан келишкен жок. Азыр иш уланып жатат. Бүгүн түнү бою милиция кызматкерлери иштеп, эртең так маалымат беребиз. Милициянын маалыматы боюнча митингге чыккандардын саны 800гө жакын", - деп ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сеитов соңку абал боюнча айтып берди. Бүгүн, 2-мартта саат 19:00гө карата "Ала-Тоо" аянтындагы абактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоп митингге келген катышуучуларына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери суу аткыч машиналарды, көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп, аянттан сүрүп чыгаруу үчүн кууп таратты.
Митингдин соңу: таш ыргытылып, көз ачыштырган каражаттар жардырылды





1 |