"Акцияга чыккан кыз-келиндерге бет кап тагынган жарандар кол салышты". Бишкекте өткөн "Аялдардын тилектештик маршын" дүйнөлүк басылмалар кантип чагылдырышты?











8-мартта Бишкектин "Жеңиш" паркында "Аялдардын тилектештик маршы" өтүп, ага калпак кийген 20 чакты жаран келип, жөө жүрүшкө чогулган катышуучулар менен ортодо пикир келишпестик жаралган. Аларды милиция кызматкерлери кармап кетишкен. "Аялдардын тилектештик маршы" бир катар чет элдик маалымат каражаттарына жарыяланды. Эмне деп жазышты?
"The New York Times" америкалык гезити
"Бишкекте Аялдардын эл аралык күнүндө активисттер зомбулукка каршы тилектештик маршына чыгышкан. Бирок бет кап тагынган белгисиз жарандар (айрымдары калпак кийип жүрүшкөн) марштын катышуучуларына асылып, кыз-келиндердин колундагы плакаттарды тартып алып, айрышкан. Ал жерге укук коргоочулар келип, 50дөй активистти (көбү кыз-келиндер) кармап кетишкен. Бул учурда бет кап тагынып, марштын жүрүшүн токтотууну каалагандар туш-тарапка тарап кетишти", - деп жазылат маалыматта.
"Al Jazeera" катардык телекомпаниясы

кол салышты", - деп чагылдырылат.

"The Guardian" британиялык гезити

"Жеңиш" паркына чыккан феминисттер кыймылынын активистин милиция кызматкерлери
кармап кетишти".
"Интерфакс" орус маалымат агенттиги
"Бишкекте аялдардын акциясына чыккандар менен жергиликтүү тургундар ортосунда уруш чыкты. Катышуучулар ур-токмокко кабылды", - деп жазат аталган агенттик. Ошондой эле маалымат агенттиги Бишкек ШИИББине шилтеме берүү менен акция шаардык бийлик менен макулдашылбаганын, уюштуруучулар акция тууралуу укук коргоо кызматкерлерине маалымат бербегендиктен коомдук тартиптин бузулушуна жол берилгенин жазган.
Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды







1 |