super.kg logo
  Саясат  

Экономист Нургүл Акимова: "Тынч убакта деле насыя алган компаниялардын карыздары өсүп жаткан. Азыркы учурда компаниялардын карыздары дагы өсүүдө"

 

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында экономист Нургүл Акимова Кыргыз өлкөсүндө экономиканын өсүшүнө карабастан, карызы жылдан жылга өсүп жатканын айтты.

Анын айтымында, рынок системинин калыптанышы учурунда бардык кирешелерди финансы сектору алат.

“Банктар насыяны кимге берүүнү кантип аныктайт? Компаниянын бир нече жылдык кирешеси болушу керек. Өлкө боюнча 1 миллиондон ашык насыя берилген. Жаңы насыя алууга талаптар барбы? Бизнес-план кредитордун көз карашына түздөн-түз таасир этет. Компаниялар институттардын өзгөрүүсүнө байланыштуу өсүштү болжолдой алышпайт.

Статистикага ылайык, насыяны соода сатык жана айыл чарба менен алектенген ишкерлер алышат. Микрокредиттик компаниялар көбүнчө насыя төлөө жөндөмдүлүгү начар, бирок төлөмдөрү банктардыкына салыштырмалуу көп болгон аймактарда иштешет. Микрокредиттик компаниялардан насыя алган компаниялар зыян тартып жатышат. Азырынча жаңыдан насыя сурагандар жок. Тынч убакта деле компаниялардын карыздары өсүп жаткан. Азыркы учурда компаниялардын карыздары дагы өсүүдө. Экономиканын 5-6 тармагын колдоо керек. 1,6 миллион адам киреше алууга муктаж”,
- дейт ал.






Искендер Матраимов насыя төлөөчүлөргө анын мөөнөтүн 3 айга узартып берүүнү сунуштады

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: