Коомдук транспортто сакталчу санитардык эрежелер. Күндүн ысыгы элдин бет кабын чечти (видео)







25-майдан баштап өлкөдөгү шаарларда коомдук транспорттор ишин уланта баштады. Бишкек мэриясы калкты 110 троллейбус, 112 автобус 11 каттам менен тейлей тургандыгын билдирген.
Бирок анда бир катар эрежелер сакталуусу абзел экендиги маалымдалган.
"Коомдук транспорттор адаттагыдай эле жүрүп, бирок санитардык коопсуздук чараларын так сактоо менен, унаалардын кире беришинде санитардык тазалагычтар орнотулат, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап жана кол кап кийишет.
Жүргүнчүлөрдү ташуу 60-70 пайыз өлчөмдө жана санитардык аралыкты сактоо менен жүргүзүлөт. Унаанын салону бир нече жолу дезинфекцияланып, ар бир каттамдан кийин эшик туткалары, орундуктар сүртүлүшү керек. Шаардыктардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу үчүн "Тулпар" электрондук накталай эмес тарифтик тутуму иштейт. "Тулпар" карталарынын артыкчылыктары: транспорттук коопсуздук, чыгымдардын ачыктыгы жана эң негизгиси акчаны накталай алууда байланыш жок", - деп айтылат маалыматта.
Биз катар автобус, троллейбустар менен жүрүп, андагы эрежелердин сакталып жатканына байкоо жүргүздүк. Бул тууралуу төмөнкү видеодо айтылат.
Кайрадан ишке кирген коомдук транспортто кайсы эрежелер сакталышы керек?
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ma9

27.05.2020. 10:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Журналисттер дагы тарта берип элге кыйынчылык жаратып жатасынар эми озу мурдагыдай жашоого келип атканда кризис болуп кетиго
vikidiki

27.05.2020. 10:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушундай сасыгандар тажатты. Эптеп иштеп алсак болот эле!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.