"Түндүк электр" ишканасы: "90 сом карызы бар делген апанын электр энергиясын биздин мекеме кырккан эмес"
Буга чейин Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы "Кыргызавтомаш" дачасынын 70 жаштагы жашоочусунун 90 сом карызы үчүн электр энергиясын кыркып кетишкени жазылган. Анда улгайган апа окуя тууралуу видеодо айтып берген. Бүгүн, 9-июнда анын кызы SUPER.KG порталына апасы абалды интернетке жарыялаганы үчүн басымдар болуп, ооруканага жатып калганын маалымдаган.
Биз бул боюнча "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна кайрылдык. Мекеменин маалымат катчысы ал абоненттин электр жарыгы "Түндүк электр" ишканасы тарабынан өчүрүлбөгөнүн билдирди.
"Электр жарыгысыз калдым деп кайрылган абонент Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында жайгашкан "Кыргызавтомаш" багбанчылык бирикмесинин мүчөсү.
Белгилей кетсек, "Кыргызавтомаш" багбанчылык бирикмеси 2009-жылы "Түндүк электр" ААК менен электр камсыздоо боюнча келишим түзгөн. Келишимдин негизинде "Түндүк электр" ААКсы трансформатордук подстанцияда орнотулган негизги эсептегич шайманга чейин электр энергиясын берет. Андан кийин ар бир абонентке чейин электр энергиясын бөлүштүрүүнү багбанчылык бирикмеси жүргүзөт. Башкача айтканда, ички бөлүштүрүү, төлөмдөрдү чогултуу "Кыргызавтомаш" бирикмесинин мойнунда. Ошондуктан, карызы үчүн өчүрүү багбанчылык бирикмеси тарабынан болгон. Видеодо айтылган электр куроочу менен бухгалтер биздин компанияга тиешеси жок", - деп жазылат мекеменин маалыматында.
"Түндүк электр" ААКсы 1-апрелден тарта карыз үчүн өчүрүүнү жана туум эсептөөнү токтотконун кошумчалаган.
90 сом үчүн 70 жаштагы апанын электр энергиясын кыркып кетишкен



Колунардан бок дагы келбейт !