super.kg logo

"Мен атамды кечирдим. Апам экөөбүз атамды күтүп жатабыз". Күйөөсү мойнуна дөңгөлөк асып аялын сабаган окуя. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу окуя тууралуу үн катты

 

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу кезектеги коомчулуктун кыжырын кайнаткан окуя ушул жылдын 8-июнунда Сузак районунун Бек-Абад айылында катталды. Анда күйөөсү аялынын колун байлап, мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, үстүнөн чакалап суу куюп, жаагына чаап жазалаган окуя орун алган.

SUPER.KG порталы үй-бүлөнүн жалгыз уулу менен байланышты. Уулунун айтымында, атасы апасына буга чейин кол көтөргөн эмес жана ал атасын кечиргенин айтып, буларга токтолду.

"Урматтуу кыргыз элим, болуп өткөн окуяга кабатырланып, өз оюңуздарды билдирип жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Бул иш кокусунан болуп кетиптир. Буга чейин атам эч убакта апама катуу сүйлөгөн эмес. Азыркы учурда социалдык тармакта биз жөнүндө болуп жаткан сөздөрдүн баары жалган.

Азыр апамдын абалы жакшы. Эч кандай коркунуч жок. Экөөбүз чогуу өз үйүбүздө күн кечирип жатабыз. Окуя болгондон кийин атам менен телефон аркылуу бир эле жолу сүйлөштүм. Ал менден ыйлап кечирим сурады. Мен атамды кечирдим. Апам атама жолугуп келди жана ага карата эч кандай доо арызы жок. Атам кылган ишине абдан өкүнүп жатат. Биз карапайым эле адамдарбыз жана үй-бүлөдө үч эле кишибиз. Мен үйдө жалгыз уулмун. Мен үй-бүлөмдүн сакталып калышын каалайм. Апам экөөбүз атамды күтүп жатабыз. Жалпы кыргыз элинен атамдын, апамдын жана жеке өзүмдүн атыман кечирим сурайм", -
деди үй-бүлөнүн жалгыз уулу.

Жалал-Абад ОИИБинин маалыматына ылайык, таш салынган дөңгөлөктү аялдын моюнуна артып алып жаза берген адам 11-июнь күнү кармалып, кийинчерээк 15 суткага камакка алынган. Бул окуя "үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң "уруп-согуп, кыйноо" болуп өзгөртүлгөн. 15-июнда жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип, тосмо арыз жазып, аял жолдошун бошотууну өтүнгөнү маалым болгон.






Күйөөсү мойнуна дөңгөлөк асып аялын сабаган окуя. Үй-бүлөнүн жалгыз уулу окуя тууралуу үн катты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(24)
16.06.2020. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Мээн жок экенсин. Кечириш керек Ата болгондон кийин,анын туура. Бирок биринчи жолу дегенин калп болуп калды. Апанды олтуруп койсо ,ошондо коросун
16.06.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Биринчи жолу кол көтөрду дегенине эч ким ишенбейт. Азыр апан кечиргени менен кийин оорулуу болуп калбайт деп ким кепилдик берет. Баштан аяк муздак суу куйганда аял киши чыдай берет бирок ошонун баары кийин чыгат. Сөөк, муундары, по женски оорулар. Атаңды кечир бирок апанды өзүн эле багып ал. Атана кор кылбай.
16.06.2020. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ата-энени кечирбегенде кайда бармак элек?Болгону,колун,ачуусун тыйыш керек атан.Апандын конулун таап,сыйлап,урматтаса куноосун мойнуна алганы ошо.Болгонун атандын эже-карынлаштары уйунорго аз келсин.Уй-булоонордун ушундай абалга туш келгенине себеп ушулар болгон окшойт.Апан кыйын эр журок мыкты адам экен.Кыргыз аялзатынан салам айт.Окуйт деген умутто жаздым.Апандан коп алыстаба
16.06.2020. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Апаң олуп ошондо эле өлүп калса эмне кылат элең
16.06.2020. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бироону жамандап коюш оной, анын турмушун тушунуп билиш кыйын. Мумкун ооруп калгандыр бул киши, псих жактан. Коруп еле жатпайбызбы, бирок экоону бириктирип жашатыш да кыйын го. Текшерип иликтеп коруш керек. Каматып эле жок кылыш дегенден алысмын, бирок жазасыз калбашы керек
16.06.2020. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баласынан эмес, апасынан алсаңар болмок интервьюну. Эмнеге кечиргенин, эмнеге кор болуп жүргөнүн сурап. Баласы атасын тыйып койгондун оордуна кечирдим дейт, аны сабагансып.
16.06.2020. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илгерки кулдарды да мынча кордобосо керек.
16.06.2020. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аялдан эмнеге эчким ал акыбал сурап , интервью албайт? Ушунчалык орду жокпу бизде аял затынын? Чындап баласы не кечирдим дейт баласын сабагансып? Же апасы суйлой албастанып. Кечирбей эле эженин бир туугандары катуу турса болмок. Журогу жок киши экенго
16.06.2020. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аял заттынан кабар алып туруш керек, тууган жана бир туугандар, Ата энелер. Тийди болду кутулдук дебей. Ал акыбал, сурап бармай жоголду. Адам деген озгорот, ооруйт, ичет, шайтан аралайт деген оорулар бар. Аны уруш болгондо жакындары асырап алуу менен чечилет, аял затынын эже синдилери, коншу колон деген болот сырдаш.
16.06.2020. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мин кечирген убакта дагы.жазасын алсын жазага тартыш керек.сенин кечиргенин бул жерде роль ойнобойт.апанды аясан боло.
16.06.2020. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апасынын оозун жаап койушту.Арызымды алам деп жүрөт.Бизде кой уят эл эмне дейт деген түшүнүк жашайт. Бул аял дагы ошонун курмандыгы болгон окшойт. Мындай кордук көргөндөр чекеден чыгат.Байкуш аялдар чыдап жашырып эле келе жатышат.Үйбүлөм бузулбасын деп жашаганы менен жарым жан болуп калса кайсы жашоо болмок эле.
16.06.2020. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айттым элего тосмо арыз жазып бербесе эле деп.Айткандай болуптур.Биринчи жолу кол көтөрсө ушунчалык болсо,акыркы жолу кол көтөрсө өлтүрүп эле салатко.Эже байкуш жоош неме окшойт.Баласы неге кечирдим дейт?Апасынан алсын интервьюну.
16.06.2020. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кантип эле кокусунан болуп кетет. Бир жерден чалынып кулап кетсе кокустук дегендей. Элдин баары эле келесоо эмес да ишене бергидей
16.06.2020. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы атасынын туугандары талап жеп аткан экен.
16.06.2020. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ке бар жоголчу!сени ургансып кечирдим дегидей
16.06.2020. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кийин өкүнөсүң апаңды жоготуп алсаң ошондо өкүнөсүң, андай канкор адамдан өлүп кутулам деп апаң өзү өлүп алганда, ошондо өкүнөсүң, ойлон
17.06.2020. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол кишини граната менен жардырып жибериш керек.
17.06.2020. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уяты жок 50 жашка чейин кирбеген акылы эми кирип аялын сыйлап калмак беле.Балам сен апаңды кор кылбай багып ала турган курака жетип калыпсың.Атаңды кечирсең да апаңды андай мыкаачы зөөкүр немеге жараштырба.Кечирип койгула бирок ал кишиге башка айта турган сөз таппадым.Мен болсом эки дүйнө кечирмек эмесмин.
17.06.2020. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баласы дагы атасына коргон тарбиясын колдонот.кечирдим деп,кечиргенин жакшы ,бирок апанды ушунчалык кордогонун коруп кечирдим десен сен деле макул экенсин да ээ
17.06.2020. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииии тообо кылдым кылдым мээ да бар экен да Аманды кечиргенин туура бирок кутуп аиканынар кызык го, биринчи жолу урду дегенине эч эле ишенгим жок нормальный эркек менен жашаган аял 47 жашында мынча каары корунбойт, значит тээ мурунтан эле сабап жургон.
17.06.2020. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баласын кысып аткан болуш керек атасынын туугандары, болбосо кайсы жинди ишенет биринчи жолу дегенге?
Эгер биринчи жолу урган болсо, эже кошо мушташып чабышмак, жок дегенде качып кетмек же азыр кечирмек эмес. Байкуш эже кечире берип көнүп калган баласы үчүн.
Эже сизге ден соолук!!!
17.06.2020. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге атамдын,апамдын атынан кечирим сурайм дейсин, Апан эмне учун кечирим сураш керек кор болгону учунбу???
SUPER.KG видео
19.06.2020. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын намыс учун жаралган аялдары...
Бечара аял ушунча урса кынк этпейт го чиркин,куда кутом,уулум урумга жетти дегени го...
Кайран омур,кайран жаштык кор болгон.Атасы баласынан тартынбай догурсунуп атат ошол адам онолобу.Болбосо эн жок десе баласынан тартынмак баласын уруп ойнобогону ошо да.Бечара аял балам деп чыдап жашаса баласынын кылганы ушу.Намыс учун энесин курмандыка чалып турат.Эне сыйлаган бала баарынан кечип энесин кор кылбай багып алмак.Ал жерден алыс алып кетмек.Му
SUPER.KG видео
19.06.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Багалбай жалтактаган жигит жигитпи.Чубуроган кантип багам деген бобоктору деле жок экен.Энени жонуна которуп жер кезсе да башы менен ор казса да бир энесин багыштан жалтактап турат.Эне курган 9 ай которуп,омурткасы сыздап тороп ушунум жетим болбосун деп чыдап келген акибети ушулбу.Балам чонойсо мени асырап алат деген уул ушубу.Атасын кестирбесин эненсин башка жакка алып кетиш керек эле.Кор болгон аял,кор болгон эне аттин,ата бала экоон бир кор экенсин башка соз жок...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: