Коронавирус илдети дагы 7 жарандын өмүрүн алды. Эң улуусу 76, эң кичүүсү 27 жашта болгон
Бүгүн, 30-июнда өлкөдө коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан бейтаптардын ичинен жетөө кайтыш болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтты.
1. Республикалык клиникалык ооруканадан – 2 (55 жаштагы жана 76 жаштагы эркек киши);
2. Ош шаардык клиникалык ооруканасынан – 2 (70 жаштагы жана 49 жаштагы аял киши);
3. №2 Клиникалык төрөт үйүнөн – 1 (27 жаштагы аял киши);
4. Жайыл аймактык ооруканасынан – 1 (44 жаштагы эркек киши);
5. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (53 жаштагы эркек киши).
Өлкө боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 57ни түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:11
2026-06-12
20:32
2026-06-11
17:32
2026-06-11
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео
















Аны да ушул вирустан көз жумду дешпеди беле?
Кечээки тизмеде да жок болчу.