Сутка ичинде 5 медицина кызматкери каза болду
Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде айтты.
"Беш медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен төртөө дарыгер жана бирөө медициналык кызматкер.
Коронавируска кабылган дарыгерлердин саны өсүүдө. Себеби алар күнү-түнү иштеп жаткандыгына байланыштуу иммунитети төмөндөп, ооруну көп жуктуруп алып жатышат. Адамда иммунитет алсыз болсо оору бат жугат. Дарыгерлер дагы адам да. Алар күнү-түнү элди кабыл алып дарылап жатышат. Бул дагы иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет", - деди Акматова.
Акыркы сутка ичинде илдеттен 44 адам каза болду, анын ичинен 5өө ак халатчандар
Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(3)
Aika1988

13.07.2020. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кандай вируска кабылды кыргыз элим эми медицина кызматкерлери аман болсун алар азайса элди ким карайт оо жаратканым өзүн сактай көр элимди вирус токтосо экен
muras111211

13.07.2020. 16:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын ичинен тортоо дарыгер ,бирөө медиц.кызматкер кандай түшүнсө болот.
Nuri1988Elim2010

14.07.2020. 10:05
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ келиними больницадан чыгарганы барып калдык, өзү да төрөгөндөр көп экен обедге чейин күтүп отурдук, анан эле бир убакта бир медицина кызматкери кыйкырып калды, баарыңа вирус жугуп кырылып калсаңар экен, ошондо азаймакпыз деп, түшүнбөй деле калдык сиз ушинтип турсаңыз эл кайда барат десек, ошондо жакшы болот эле, силерди коргоп качанга чейин жүрөбүз дейт,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.