Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою өткөн тойканага айып салынды
Айтылуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызынын үлпөт тою болуп өткөн "Сары Челек" тойканасынын администрациясы айыпка жыгылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Медербек Амангелдиев SUPER.KG порталына билдирди.
"Негизи той, куран окутуу сыяктуу чогулууларга тыюу салынган. Тойду 10-20 адамдын катышуусунда да өткөрүүгө болбойт. Ал эми аталган "Сары Челек" тойканасы той өткөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын "бузуулар" жөнүндө кодексинин 293-беренесине ылайык ("чечимди же ыйгарым укуктуу органдын талабын аткаруу тартибин бузуу") 3 миң сом айып пул салынды", - деп билдирди Амангелдиев.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга төкмө акындын кызынын үлпөт тоюндагы сүрөттөр жарыяланган. Бул көрүнүш айрым интернет колдонуучуларынын нааразычылыгын жараткан. Анда социалдык тармактын айрым колдонуучулары "эмнеге кээ бирине той өткөрсө болот да, башкаларга болбойт?" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.
13.08.2020. Күн ичиндеги орун алган урунттуу окуялар


3 мин сом ничего го мындай тойканаларгв
Айып пулдун санына кулку келтирерлик го.