Издөө салынат. Ошто бир жылдан бери 18 жаштагы Муножат Салиева изделүүдө
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан дайынсыз жоголгон Салиева Муножат Абдукахаровна изделүүдө. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунун аймагында жашаган өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.
Криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыздын жүргөн жерин аныктоо максатында кайрадан коомчулуктан жардам сурап кайрылат.
Дайынсыз жоголгон Муножат Салиева 2002-жылы туулган, бою 165-170 сантиметр.
Ошол күнү үстүндө кара-ак түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим менен жүргөн. Айрымдар кызды ошол күнү Ош шаарынын Масалиев кең көчөсүнөн көрүшкөнүн айтышкан.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ жарандар болсо 03222-2-75-15, 0702-17-09-17, 0551-05-42-75 байланыш номурлары аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт.
17.08.2020. Соңку күн ичиндеги жаңылыктар
