Медициналык кызматкерлер үчүн “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” боюнча окуу курсу аяктады
Бүгүн, 3-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолун ишке ашыруу алкагында медицина кызматкерлери үчүн уюштурулган окутуу курсу жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага борбор калаадагы ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жетекчилери, идеологиялык жана этикалык маселелер боюнча жооптуу кызматкерлер, ошондой эле кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар алдында сүйлөгөн Арслан Койчиев азыркы глобалдык өзгөрүүлөр шартында улуттук иденттүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу улуттук мурастар менен салттуу баалуулуктарды заманбап өнүгүү менен айкалыштырып, коомдун руханий негизин бекемдөөгө багытталган.
Ошондой эле мамлекеттик катчы жарандардын саламаттыгын сактоо улуттук идеологиянын маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, дени сак коом – күчтүү, биримдиктүү жана өнүккөн мамлекеттин пайдубалы болуп саналарын айтты.
Иш-чаранын соңунда окууну ийгиликтүү аяктаган медициналык кызматкерлерге “Уңгу жолду жайылтуу боюнча насааткер” сертификаттары тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















