super.kg logo

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине тарыхта биринчи жолу шайланды

 

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Нью-Йорк шаарында өткөн добуш берүүдө өлкө Азия-Тынч океан аймагына бөлүнгөн орун үчүн ат салышып, жеңишке жетишти.

Шайлоо бир нече айлампа менен өтүп, чечүүчү төртүнчү турда Кыргызстан 142 мамлекеттин колдоосуна ээ болду. Натыйжада өлкө 2027-2028-жылдары Коопсуздук кеңешинин курамында иш алып баруу укугуна ээ болду.

Бул Кыргызстан үчүн тарыхый жетишкендик болуп саналат. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу дүйнөдөгү эң таасирдүү эл аралык органдардын бирине мүчө болуп шайланды. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен мындай макамга буга чейин Казакстан гана ээ болгон.

Президент Садыр Жапаров бул ийгиликти өлкөнүн дипломатиялык жеңиши катары баалап, кыргызстандыктарды куттуктады. Анын айтымында, Кыргызстан эми эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышат.

БУУнун Коопсуздук кеңеши – дүйнөдөгү тынчтык жана коопсуздук маселелерин караган негизги орган. Кеңештин курамына беш туруктуу жана он туруктуу эмес мүчө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: