super.kg logo

Ошто Ак-Буура дарыясынан таза суу тартуу иштери 90 пайызга аяктады

 

Ош шаарында Ак-Буура дарыясынан таза суу менен камсыздоону жакшыртуу багытындагы ири долбоордун курулушу уланууда. Бул тууралуу 3-июнда шаар мэринин орун басары Эрнист Толтоев Данги участогундагы иштер менен таанышуу учурунда маалым болду.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, долбоор Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып, Ак-Буура дарыясындагы ирригациялык жана суу менен камсыздоо инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.

Иштин алкагында башкы суу алуучу курулма жана Төлөйкөн айылына чейин узундугу 4,8 чакырымды түзгөн эки магистралдык суу түтүгү курулууда.

Азыркы тапта негизги иштердин жүрүшү жогорку деңгээлде болуп, магистралдык түтүктүн биринчи линиясы орнотулуп, темир-бетон конструкциялары жана тосмо иштеринин 90 пайызы аткарылды.

Долбоор ишке берилгенден кийин калкты таза суу менен туруктуу камсыз кылуу, суунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: