Орусияга жол ачылды. Билет баасы асман чапчыйт (видео)
21-сентябрдан тарта Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын ортосундагы авиакаттам жанданган. Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырыла баштады.
Азыркы тапта жол ачылды дегени менен, каттам аз болгон себептүү жарандарга билет жетпей жатат. Бул тууралуу Орусиядан келип кете албай жаткан жарандар айтып беришти.
Айтымдарында, алар Орусияга кетүүнү зарыга күтүп жатышат. Билеттин баасы асман чапчып, мурункуга салыштырмалуу эки эсеге кымбат экенине карабай кээ бир жарандар Орусияга жетип алсам дегенде эки көзү төрт. Алардын бири Рысбек Сыдыков. Ал “Орусияга билеттин баасы 30 миң сомдон башталып 40 миң сомго чейин чыгыптыр. Бул жакта жумуш жок, билет кымбат болсо деле Орусияга жетип алсам, иштейт элем. Бирок азыр ага мүмкүнчүлүк болбой жатат, жол ачылды дегени менен билет жок. Биз зарыга чыдамсыздык менен күтүп жатабыз”, - дейт.
Бул тууралуу тиешелүү тараптардан окурмандарга жооп алып берүү аракетинен майнап чыккан жок. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттиги биздин суроолорубузга жооп берүүдөн баш тарты.
Ал эми Ош шаарындагы авиакомпаниялардын биринде аймактык менеджер болуп иштеген Алмаз Эргешов баанын салыштырмалуу кымбаттаганы боюнча маалымат берди. Айтымында, Орусияга учкан адамдар көп болгонуна байланыштуу билеттер кымбат болуп жатат.
"Азыркы тапта билеттердин баасынын кымбаттаганынын себебинен регулярдуу каттамдар жок. Орусияга уча турган адамдар чынында абдан көп болуп жатат. Билеттин баасынын кымбат болушуна бул жагдай да таасирин тийгизип жатат. Бирок андай болгону менен, октябрь айынын аягына чейин билеттерди Оштон, Бишкектен Москвага эркин сатуу жок. Себеби учактарга орун калган жок. Бир жагынан карантин толугу менен алына элек. Эки мамлекеттин ортосунда каттамдарды көбөйтүү боюнча дагы деле сүйлөшүүлөр болуп жатат", - деп билдирди ал.
Эпидемиологиялык абал туруктуу сакталса, анда дагы башка каттамдарды ачуу боюнча иштер жүргүзүлө турганын буга чейинки жыйында өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирген. Ал эң көп кайрылуулар авиакаттамдардын жандандырылуусу боюнча келип жатканын, анын ичинен өтө көп суралган өлкөлөр Орусия, Казакстан, Түрк Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары экенин айткан.
“Жумушубуз жок ачка калдык” - дешет Орусияга кете албай жаткан жарандар










1 |