super.kg logo

Жайлоону жаңырта ырдап, кой баккан чабан менен маек

 

Кенжебай Байкулуев 39 жашта. Ал Алай районунда туулган, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Ал көп жылдан бери Кара-Шоро жайлоосунда элдин малын кайтарат. Чабан бир сезондо жайлоого миңге чукул кой алып чыгат. Жашоосуна ыраазы болуп, балдарымды адал тамак менен багуу башкы максатым деген каарманыбыз SUPER.KG порталына бул тармактын түмөн түйшүгү жана жыргалын айтып берди.


Анын жумушу карга жер чокуй электе эртең мененки саат 4тө башталат. Койду эртең менен короого жайуунун да өз себеби бар экен. Анткени койлор эрте туруп жайылып кетүү ыктымалдуулугу бар. Мындан улам чабандар койлорду эрте жайышат жана эрте жайытка жайылган койлор семиз, эттүү келет.

Ар бир жумушту сүйүп жасасаң, ал жеңил болот деген каарманыбыз "кой кайтаруу мага жагат, эгер жакпаса кайтарбайт болчумун" дейт. Чабан өз кесибиндеги кызыктуу учурлар көп болорун айтып, жайыт тосулуу болсо, койду жайып коюп китеп окууну арман кылат.

Кара-Шоро өрөөнү – Өзгөн районуна карайт. Ал Оштон 130 чакырым, Жалал-Абаддан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан болсо, Өзгөндөн 75 чакырым алыстыкта жайгашкан. Алыс жолго элдин коюн айдап чыккан чабан жолдо өтө көйгөйлүү маселелер бар экенин айтып берди. Айтымында, алар элдин малын унаа жолунда айдагандыктан, көбүнчө унаа айдоочулары койлорду коюп кеткен учурлар катталат. Бул биз үчүн чоң чыгым дейт чабан.

Чабандын маегин толугу менен видеосюжеттен көрүңүз.






Саясаттан тажаганда: “Ар кайсы жерде иштеп жүрүп аягында кой багууну тандадым” дейт чабан

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
27.10.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундай жаңылыктарды чыгарсаңар саясаты жаза берип элдин баарын саясатчы кылып салдыңар.
27.10.2020. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jelezo,ооба, Супер инфо конулго алып койгула!
27.10.2020. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rakyl12,Чоң рахмат)Эске алабыз
27.10.2020. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jelezo,Рахмат, эске алабыз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: