super.kg logo

Митингде жабыркаган Талант Бейшеев: "Көзүмдөгү ок дагы деле алына элек" (видео)

 
Талант Бейшеев 34 жашта. Ал 5-6-октябрда өлкөбүздө орун алган башаламандыкта оң көзүнөн ажыраган. Андан бери эки айдын жүзү болсо да көзүндөгү ок али алына элек. Бейшеев операция жасатуу үчүн чет өлкөгө баруу керек. Бирок карапайым үй-бүлөдө азыр ага керектелүүчү чоң суммадагы каражат жок. Каарманыбыз азыркы жашоосу тууралуу баяндап берди.

Аман калганына шүгүр кылат...

Аты-жөнүм Талант Бейшеев, 34 жаштамын. Чүй облусунун тургуну болом. Шаарда батирде жакындарым менен турам. Бир үйдүн жалгыз эркек баласымын, кыз бир туугандарым бар. Буга чейин ар кандай жумуштарда, курулушта иштеп үй-бүлөмдү бакчумун. Азыр минтип отуруп калдым. Бирок, Кудай буюрса, бир көзүм менен деле иштеп, багам. Негизгиси жашоо уланып жатканы, аман калганым.

Чындык издеп...

Аябай намыскөй адаммын. Аянтка чыгуума да ошол сапатым түрткү болду. Жөн гана сыртта карап тургум келген жок. Ошол жерде акыйкат, чындык издеп, суукка карабай миңдеген адамдар жүрдү. Биз жаңыланууну каалаганбыз. Бирок азыр карасаң кайра эле баягылар келип алды. Ошол нерсе бир аз кейитет. Эгер дагы ошондой окуя болсо мен кайра да чыгам. Келечек үчүн көзүмдөн ажыраганыма өкүнбөйм.

Кендирди кескен акча

Азыр бир күнүмдүн көп бөлүгү ооруканадан оорукана издеп жүрүп өтүүдө. Ар кимиси ар кандай айтат. Бири окту алдыр десе, башкасы жүрө берсин дейт. Бирок операция үчүн көп суммадагы акча керектелет экен. А бизде азыр андай каражат жок. Мындай операция дагы чет өлкөдө гана жасаларын айтышууда. Акча табылса эле барып жасатмакмын. Кээде отуруп корком убакыттан уттуруп, экинчи көзүмө өтүп кетпейби деп.
Талант Бейшеевге жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү номерлерге байланышса болот. Элсом: 0556 69 09 90 Байланыш номери: 0703 310191


кошулду





Талант Бейшеев: "Көзүмдөгү окту чет өлкөдө гана алат экен"

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(8)
28.11.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыргыз элим деп кыйкырып жаткан партиялар ошол куну жарат алгандарга жардам беришсин бергенге милдеттуу.Мындайда жок качан гана оздоруно керек болгондо кыргыз элим деп чыга калышат.
28.11.2020. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жапаров жардам берсин,мамлекеттин эсебинен.
28.11.2020. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
JaneEr,Жараров азыр мамлекетик кызмата эмес кудайым буйруп президент болуп калса жардам берет деген умут чоон
28.11.2020. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Nurik1988,президент болгуча көзү күтө турсунбу оорубай?
29.11.2020. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kattaldym,Сен мако неме окшойсунго кантип жардам берет азыр малектик ишмер болбосо
29.11.2020. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nurik1988,ага чейин мумкунчулук бар эле...Вице-премьер болуп турганда...
29.11.2020. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз эле убакыт иштедиго эми президент болуп келсе жардам берета. Азыр жонокой жаран болсо кантип мамлекетин эсебинент жардам берсин
28.11.2020. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул бийликте деле бет жок окшойт да. Жанагы кусуп аткандардын акчасынан беришпейби. Мынча кустуруп салдык, тигинче кустуруп салдык деп эле мактанып атышат го. Ушу бийликтегилер үчүн ден соолугунан ажыраган бир адамга жардам бербей орун бөлүштүрүп жүрүшөт анан 6млн дон ашык элди ойлойбу ушулар? Эң биринчи кезекте 5-6-октябрда жабыркагандарга жардам бериши керек элек го уяттары болсо.
Kattaldym түзөттү 2020-11-28 23:25:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: