Бир сутка ичинде 417 бейтап коронавирус инфекциясын жеңсе, дагы 236 жарандан илдет аныкталды
Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус инфекциясын 417 бейтап жеңип, үйлөрүнө чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
Айыккандар:
Бишкек шаары – 118;
Ош шаары – 43;
Чүй облусу – 95;
Ош облусу – 32;
Талас облусу – 15
Нарын облусу – 8
Ысык-Көл облусу – 38
Жалал-Абад облусу – 41
Баткен облусу – 27
Айыккандардын жалпы саны 70 миң 867 болду.
Ал эми соңку суткада 236 жаран ооруну жуктуруп алганы тастыкталды.
Бишкек шаары - 51;
Ош шаары - 6;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу - 9;
Талас облусу - 6;
Нарын облусу - 5;
Ысык-Көл облусу – 47;
Жалал-Абад облусу – 24;
Баткен облусу - 6.
Муну менен өлко боюнча илдеттен жабыркагандардын жалпы саны 77 миң 910го жетти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:9
2026-06-11
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















