"Илдет учурунда өкмөт жакшы иштеди деп айта алам". Кубатбек Боронов Финполго сурак берүүгө кирип кетти (видео)



Мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго сурак берүүгө кирип кетти.
Ал журналисттердин суроолоруна толук кандуу жооп берген жок.
"Пандемия учурундагы маселелер боюнча суракка чакырылганымды уктум. Азыр толук маалыматым жок. Жалпысынан илдет учурунда өкмөт жакшы иштеди деп айта алам", - деди Боронов.
Буга чейин экс-премьер-министр Кубатбек Боронов суракка чакырылганы айтылган.
Маалым болгондой, 12-январда Боронов пандемия учурундагы өлкөнүн даярдыгынын алсыздыгы жана анын кесепети жарандардын өлүмүнө алып келгени боюнча Финполго сурак берет.
Кубатбек Боронов сурак берүүгө кирип кетти
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

10:29
2025-06-24
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.