super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамашова парламенттик шайлоого эмне үчүн "Ата Мекен" партиясы менен аттанбаганын айтты

 

Депутат Айсулуу Мамашова 2020-жылы парламенттик шайлоого эмне үчүн "Ата Мекен" партиясы менен аттанбаганын айтты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталынын #Галстуктар долбоорунда билдирди.

"Мен "Ата Мекенге" пайдадан башка зыян алып келген жокмун деп айтсам болот. Депутат партия, фракция үчүн иштебейт экен, эл үчүн иштейт. Кайсы фракция менен келбесең дагы эл үчүн иштегени келесиң. Бизде коомчулукта бир партиядан экинчи партияга кетсең саткын деп ойлошот. "Ата Мекен" партиясына ыраазымын. Бул партия менен депутат, фракция лидери болдум. Команда топтолуп жатканда ар кандай пикирлер болуп, мен башка партияга кеткенди туура көрдүм. Эмне үчүн "Замандаш" партиясы? Анткени мигранттар үчүн күйгөн жалгыз эле партия "Замандаш" болгон. Мухтар Өмүракуновду кичинемден таанып, билчүмүн", - дейт Мамашова.






#ГалстукТар "Жаш, татынакай кызды депутат катары тоготпой койгондор бар" дейт Айсулуу Мамашова

Автор: Бактыгүл Султаналиева, Жылдыз Джускембаева, Бекболот Сарыбаев,
Оператор: Айбек Алимов, Равшан Тойчиев, Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: