Өлкөдө 98 миң 700 жаран жумушсуз катары каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Самаган Асанов өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда билдирди.
"2021-жылдын 1-январына айына карата өлкө боюнча расмий катталган жумушсуздуктун деңгээли 3 пайызды түздү. Мындан эң жогорку деңгээл 5,9 пайыз Жалал-Абад облусунда, жана 5,2 пайыз Баткен облусунда байкалган. Эң төмөнкү деңгээл Чүй облусунда 1,3 пайыз жана Бишкек шаарында 1,2 пайызды түздү. 2020-жылы иш менен камсыз кылуу кызматына 130 миң 800 адам кайрылган. 2021-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуздардын ичинен иш менен камсыз кылуу кызматында 98 миң 700 жумушсуз эсепте турат. Алардын ичинен 76 миң 700 адам расмий жумушсуз статусун алган. Өлкөдөгү кырдаалдан улам өткөн жылга салыштырмалуу иш менен камсыз кылуу кызматында эсепте тургандадрын саны 4 пайызга көбөйдү", - дейт Асанов.