#SUPERsportАзатайтат: Кыргыз мушкери чемпионго чакыруу таштаса, Конор Макгрегор алгачкы жолу нокаут менен утулду
SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир жума ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу "BRAVE CF" уюмунун франциялык чемпиону Амин Аюбга чакыруу таштады. "Ак шумкарлардын" чабуулчусу Антон Землянухин мындан аркы карьерасын Сокулуктун "Биримдик" футзал клубунда улантат. Валентина Шевченко өзүнүн Инстаграм баракчасына АКШнын Флорида штатында машыгып жаткан видеосун жүктөдү.
Дүйнөлүк спортто эмне кеп? Атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор 24-январда өткөн "UFC 257" турниринде карьерасындагы алгачкы нокаут менен утулду. Быйыл өтө турчу "Токио-2020" олимпиадасы токтотулабы? Буга япон өкмөтү жооп берди.
кошулду
Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу "BRAVE CF" уюмунун чемпионуна чакыруу таштады
Автор: Азат Бейшенбеков
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.