Ош облусунда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн 15 соодагерге айып пул салынды
Ош облусунда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн 15 соодагерге айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун аймагында 16-21-февраль күндөрү «Көчө соодасы» аталышындагы иш-чара уюштурулган.
Анын жүрүшүндө унаа жүрүүчү жолдордун боюнда мыйзамсыз соода менен алектенген 15 жарандын ар бирине карата бузуулар кодексинин негизинде 3 миң сомдон акчалай айып салынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















