super.kg logo
  Спорт  

"Атаандашым чыныгы мырза экенин көрсөттү". Чечен мушкери калыстар татыксыз ыйгарган жеңиштен баш тартып, кыргыз атаандашына жол бошотту (видео)

 

Чеченстанда өткөн эрежесиз уруш мелдешинде кыргыз мушкери Адилет Нурматов менен жергиликтүү мушкер Шадид Абдурахманов менен кез келди.

Беттештин басымдуу бөлүгү кыргыз мушкеринин үстөмдүгү менен өтүп, бир топ ыкмаларды, соккуларды ишке ашырууга үлгүрдү. Жадакалса беттештин комментаторлору да калыстардын чечимин күтпөстөн Нурматовдун жеңүүчү болгонун белгилеп жатышты. Бирок беттештин калыстары жеңишти чечен мушкерине ыйгарып, алып баруучу Абдурахмановдун атын атады. Бул арада калыс Адилет Нурматовдун колун көтөрүүгө жетишти.

Шадид Абдурахманов өз кезегинде жеңиштен баш тартарын, татыктуу жеңишке кыргыз мушкери жеткендигин ишарат аркылуу калыстарга билдирди. Жыйынтыгында калыстар өз чечимин өзгөртүп, жеңишти кыргыз мушкерине ыйгарышты.

Мушкер Адилет Нурматов SUPER.KG порталына беттештен кийинки сезимдери менен бөлүштү. Анын айтымында атаандашы чыныгы мырза экенин көрсөттү.

"Мелдеш 20-февраль күнү Грозный шаарында өттү. Кыргыз өлкөсүнөн 4-5 мушкер катышып, тилекке каршы экөөбүз гана жеңишке жетиштип калдык. Чейрек финал качан өтөрү азырынча белгисиз.

Калыстар жеңишти атаандашыма ыйгарып, кийин чечимин өзгөртүштү. Буга атаандашымдын да чоң салымы болду. Ал чыныгы мырза экенин көрсөттү. Мен да анын ордунда болсом ушундай кадам жасамакмын, анткени татыксыз жеңиш бир эле спортчуну эмес, анын улутун, мамлекетин уят кылат.

Беттештен кийин каршылашымдан барып кечирим сурадым. "Бул спорт, бирде сен, бирде мен жеңем" деп анын көңүлүн жубатууга аракет кылдым. Ал дагы мени куттуктап, ийгилик каалады.

Менин оюмча калыстар өз мушкери жеңишке жетет деп ишенишкен. Ошондуктан алдын ала жергиликтүү спортчуну жеңүүчү деп тыянак чыгарып коюшса керек деп болгоолоп жатам. Бирок чындыгында кандай болгонун билбейм. Эмнеси болсо да баары өз ордуна келди. Буйруса чейрек финалга жакшылап даярданып, жеңиш менен кайтууга болгон күчүмдү жумшайм.

Мени колдогон, мага ишенгендердин баарына ыраазычылык билдирем. Жакындарыма, досторума экинчи атам болуп калган машыктыруучума рахмат айтам. Буюрса, алдыда дагы көп жеңиштер болот", - деди Нурматов.


кошулду





Чечен мушкери калыстар татыксыз ыйгарган жеңиштен баш тартып, кыргыз атаандашына жол бошотту

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин камакта калуу мөөнөтү узартылды

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
24.02.2021. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Чечен жигит чесный болуптур,жениш Кут болсун.
24.02.2021. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Женилгенди билген да эн чон адамдык сапатка кирет.Молодец Шадид,эркек!
24.02.2021. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Вот это дастойный мужик.молодцы бойцы
24.02.2021. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Чечен жигит эркектик кылганы үчүн даражасын Аллахым мынданда бийик кылат!
24.02.2021. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Чечедердин жигитигин жаш кезде армияда жүрүп өз көзүм менен көрдүм,16 чечендин ичинен бирөөсү менен урушуп калдым аягында мен жеңишке жеттим мени эми сабашат десем алар өз тилинде чечен жигитти тилдеп кетип калышкан.Биз кыргыздар бирөөбүзгө башка улут тийишсе көптөп сабап салчуу элек.
24.02.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Накта эркек экен чечен жигит. Ушул жигиттен сабак алалы.
24.02.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кыргызстанга чакырым сый корсото турган иш жасаптыр демек. Мумкунчулугум болгондо ошондой кылмакмын. Жол киресине кичине акча жетпей калат да тан гору
24.02.2021. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жеңиш кут болсун!
24.02.2021. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец жигит экен. Спортчу ушундай болушу керек
25.02.2021. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чечен эли бизге окшош тоолук эл. Бизге окшоп уруу-уруу болуп жашашат. Ошондой эле намыстуу эл. Намыс баарынан жогору турат. Кыргыз мушкери татыктуу болгон учун озунун намысынан да эли, олкосунун намысын жогору коюп, туура чечимге келди. Бул озун сыйлагандык, элин сыйлагандык жана спортту сыйлагандык болуп саналат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: