super.kg logo
  Саясат  

"Элдин баарына жайып жиберип камалып кетпейин". Депутат Момбеков "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссия тууралуу маселе көтөрдү

 

Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссия тууралуу маселе көтөрдү.

"Мындан эки жума мурун ушул жерде "Кумтөр" боюнча депутаттык комиссия түзүлдү эле. Депутаттык комиссияга мамлекеттик комиссия деген макам берилиптир. Орто жолдо анын төрагасы дагы шайланыптыр, мага чалган, мени чакырган да киши жок. Азыркы комиссия мурунку комиссиянын 2012-жылдан берки отчётторун сурап жатыптыр. Менин комиссияга кире турган ниетим коррупцияны эле биле турган ниетим. Азыр элге эки гана нерсе керек. Элге азыр канча алтын калды, канчасын сатып салды, канчасын катып алды, канча акционер, канча коррупционер бар деген эле маалымат керек. "Кумтөр" боюнча канча комиссия түзүлдү, бирок комиссия түзүлгөн сайын эле Кыргыз мамлекетинин үлүшү азайып жатат. Анда комиссия түзүүнүн эмне кереги бар? 1992-жылдан баштап өкмөттүн "Кумтөр" менен болгон келишиминин көчүрмөсүн бериңиз. Канча жолу сүйлөшүү болду. Эмнеге Кыргыз мамлекетинин үлүшү азайды. "Кумтөр" маселесинин чыры көп, чырынан да сыры көп. Эч ким этегине чыккан жок. Жашыруун нерселер болсо жашыруун деп жазып бериңиз. Менин оозум ачыгыраак, элдин баарына жайып жиберип камалып кетпейин", - деди ал.






Чүйдө жайытка кеткен келин дайынсыз болууда

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: