super.kg logo

Аскерден ажал тапкан жоокердин апасы: "Уулум үчүн акыйкат издейм. Соттун чечимине нааразымын"

 
Бексултан Адилбек уулу

Өткөн жылы 21-декабрда Бишкектеги 702 Аскер бөлүгүндө катардагы жоокердин асынган абалда жансыз денеси табылган. Ал 22 жаштагы Бексултан Адилбек уулу болгон. Бирок анын ата-энеси уулунун өз өмүрүнө кол салуусуна ишенбей тургандыгын айтып, сотко кайрылган. Маркумдун апасы декабрь айында SUPER.KG порталына кайрылып, окуянын чоо-жайын айтып берген болчу. Аталган иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары кармалган жаранды сот бошотуп жибергенин айтып Бексултандын апасы Жыргал Артыкова кайрадан биздин редакцияга кайрылды. "Уулум үчүн акыйкат издейм" деген эне төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Аталган ишке шектүүнү Биринчи Май райондук соту бошотуп жиберди. Тергөөчү 3 жарым ай изилдеп, кылмышка шектүүнү тапкан, ага 5 күбө бар деген. Соттун мындай чечимине нааразымын. Жогору жактын баарына кайрылам. Уулум үчүн акыйкат издейм. Интернетти карасаңар канчалаган балдар өлүп жатат. Аны көргөн кайсы ата-эне уулун аскерге жөнөтсүн? Менин уулум өз эрки менен барган болчу. Карапайым эле адамдардын балдарын уруп, сабап, өлтүрө беришеби? Армиябы бул же эмне? "Лейтенант" деген наам алып алышып эле аскер бөлүктөрдө кызмат өтөй беришет экен. Алар балдарга эмне үйрөтөт уруп-сабагандан башка?", - дейт Артыкова.






Аскерден ажал тапкан жоокердин апасы: "Соттун чечимине нааразымын"

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: